Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

АКШда автокырсыкта каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда


АКШда оор жүк ташыган автоунаа
АКШда оор жүк ташыган автоунаа

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда оор жүк ташуучу унаа (трак - ред.) кырсыкка кабылганда каза болгон кыргызстандык аял боюнча 16-августта маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кырсык Пенсильвания штатынын Карбон округунда болгон. 38 жаштагы аял алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгына жараша маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилери кабарланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдары менен байланышта болуп, маркумдун туугандарына консулдук-укуктук жардам берип жатат.

Маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшүү үчүн Америкадагы кыргызстандыктар акча чогулта баштаганы соцтармактарга жарыяланган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйыл февралдагы маалыматына караганда, АКШда 36 миң кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт. Такталбаган маалыматтарда бул сан кыйла көп экени айтылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG