Тайланд: Орус тилдүүлөр каптаган Пхукет аралы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан кийин он миңдеген орусиялык Тайланд королдугуна качкан. Учурда тай жергесинде канча релокант жашап жүргөнү белгисиз, анткени бул өлкөнүн бийлиги расмий маалымат бербейт. Кимдир бирөө туристтик визасын улам узартып жүрсө, мыйзамсыз калгандар да бар. Тайландда орус тилдүүлөр эң көп байырлаган жер – Пхукет аралы. Бул жерде эки жарым жылдан бери келгендердин эсебинен жергиликтүү бизнес өнүгө баштады. COVID-19 пандемиясындагы катуу чектөөлөрдөн улам аралда иш токтоп калган.