Укук коргоочулар Брюсселди тажик жаранын депортация кылбоого чакырууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бельгия бийлиги Тажикстандын жараны Ситорамо Иброхимованы депортациялоого камданып жатканын бүгүн 15-августта «Азаттыктын» тажик кызматы жазып, укук коргоочулар Брюсселди мындай чечимин жокко чыгарууга чакырып жатышканын кабарлады.

Эгер мекенине жөнөтүлсө ал кыйноого кабылары жана түрмөгө камалары The Insider жарыялаган иликтөөдө айтылган.

Анда белгиленгендей, экстрадициялоо өтүнүчү менен Бельгияга тажик өкмөтү кайрылган, 2018-жылы Иброхимованын күйөөсүн Украинадан кармап кетип, мекенинде «террорчулукка жана тыюу салынган уюмга мүчөлүккө» айыптап, 23 жылга эркинен ажыратышкан.

Кеңсеси Польшада жайгашкан “Тажикстандагы саясий туткундарды бошотуу боюнча жарандык комитет” уюмунун төрагасы Абдусаттор Бобоевдин айтымында, Иброхимованын бир тууганы, 27 жаштагы Нигора Саидова да жети айлык кызы менен Польшадан депортация кылынган. Ага тажик бийлиги «террорчулукка көмөктөшкөн» деген айып тагып, жети жылга абакка кескен.

Тажик бийлиги «Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясын» 2015-жылы террордук уюм деп жарыялаган. Анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, көптөгөн мүчөлөрү жана бийликти сындаган оппозиционерлер Европа өлкөлөрүнө, негизинен Польшага жана Германияга чыгып кетишкен.

Укук коргоочулар Тажикстанда аларга коюлган айыптардын баары жасалма экенин, ал эми европалык мекемелер депортациялоо тууралуу чечимин бийликтин келтирген ошол жалган жүйөлөрүнө таянып чыгарып жатканын айтууда.

Тажикстанда өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн бир нече жолу пайдаланды. 2020-жылы ал президенттик шайлоого бешинчи жолу катышып, расмий маалымат боюнча, добуштардын 90 проценттен ашуунун алган.

Рахмон Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдардын бир нечесин демилгелеп, өткөрдү. Мисалы, 2016-жылдагы референдумда Рахмонго дагы каалашынча президенттикке талапкерлигин коё берүүгө жол ачкан өзгөртүүлөр кабыл алынган. Рахмонго «тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут лидери» деген макам ыйгарылган. (RK)

Дагы караңыз

Ош шаардык мэриясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир бердиӨзбек жана казак жарандарынын ортодогу чек арадан ID-карта менен өтүү мүмкүнчүлүгү каралуудаМилиция Мирланбек Маратбек уулунун үйүн тинттиУкраина Орусиянын Курск облусунда комендатура түздү