"Бүбүйра апа тарыхтын кандуу барактарын ачууга чоң салым кошту"

Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдырахманов. Бишкек, Кыргызстан. 29.9.2020.

Бүбүйра Кыдыралиева тарыхый сырды ачкандан кийин "Ата-Бейитти" ачууга катышкан коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, тарых илимдеринин доктору, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов менен маектештик.

- Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал атасы, репрессия курмандыктары жашырылган жердин жалгыз күбөсү Абыкан Кыдыралиевдин керээзин 1990-жылы ачыкка чыгарган.

- Бүбүйра эженин жаңы Кыргызстандын тарыхындагы орду абдан маанилүү деп ойлойм. Тагдыр ушундай экен, эже менен 1990-жылы, өлкө эгемендик алганга чейин тааныштык. Эже 53 жыл бою сактап келген сырды, атасынын аманатын айтып, сөөктөр жашырылган жерди көрсөтүп берди. Бул эрдик. Эмне деген эрдик? Сүйлөшүп калганыбызда бул сырды канча ирет айтайын-айтайын деп, бирок даай албай кыйналганын айтып берди. Кийин Горбачевдун ачыктык саясаты башталганда убакыт келгенин түшүнүп, катылган сырды ачуу чечимин кабыл алды. Айтып чыгып, ошол жерди көрсөтүп бербедиби. Мага жолукканга чейин канча кишиге айтууга аракет кылды. Көп кишилер укпай, көңүл бурбай, сүйлөшпөй коюптур. Кийин мага жолукканда, “ушуну айтпай кетемби?” деп кейигени эсимде. Бул эми кайдыгерлик да. Азыр деле ошондой кайдыгерлик жок эмес. Мындай мамиле кейитет.

- Кайдыгерлик деп калдыңыз, Бүбүйра апа көзүнүн тирүүсүндө эмгеги туура бааландыбы?

- Эми муну айтып отурса сөз көп. Эженин айтып, көрсөтүп бергени боюнча 1991-жылы жалпы КМШда 1938-жылы атылган биринчи жетекчилердин сөөгү жалгыз Кыргызстанда табылды. “Ата-Бейит” уникалдуу жер болуп калды. Башка өлкөлөрдө, ошол эле биздин коңшуларда репрессия балким күчтүүрөөк болгондур. Бирок алардын атылган алгачкы жетекчилеринин сөөгү эмдигиче табылган жок да. Ооба, эскеришет, музейлери бар. Бирок даректүү, далилдүү нерселер жок. Сөөктөрү эмдигиче табыла элек. Биздин “Ата-Бейит” сыяктуу жайлары жок, аты-жөндөрү, тизмеси такталбай калды. Бүбүйра эже тарыхтын кандуу барактарын ачууга чоң салым кошту. 1991-жылдын 30-августунда сөөктөрдү кайра көмүү аземи болду. Чыңгыз Айтматов бул жерди “Ата-Бейит” деп атады. Эртеси 31-августта өлкөнүн эгемендиги жарыяланып жатпайбы.

Бирок ушул “Ата-Бейиттин” тагдыры абдан оор экен. 1991-жылы ачылганы менен азыркы турган мемориалдык музей туура 10 жылдан кийин курулду. 10 жыл каралбай калды. Ошол музейдин ачылышына Бүбүйра эжени да чакырышып, бир медал беришиптир. Мага эже кийин айтып берип атпайбы, ошол медал тагып аткан аткаминерге Бүбүйра эже “10 жылдан кийин бир медал бергенден көрө, бир кап ун берсеңер болмок” деген тура. Мына, бааланганы ушул.

Андан кийин дагы 20 жылдан көп убакыт өттү. Эже ооруп жүрдү. Кээде жолукканда кайсы бир чиновниктердин кабылдамасында күтүп отуруп, кире албай калганын айтып капа болчу. Бүбүйра эже кабинеттерине барса “ким элеңиз?” деп тааныбай койгондор да болду. Эже өзү деле кечке “мен тигинткем, минткем” деп айта бергенден да тартынат экен. Акыркы жылдары төшөктө жатып калды. Туугандарынын колунда болду. Эжени таанып-билгени менен кайрылып, кабар алгандар аз эле. Эми бул тагдыр. Бирок эл билет, эл сүйөт, эл баалайт.

Дагы караңыз “Ата-Бейитте” ачылган сыр

- Бүбүйра апанын басып өткөн жолу биз үчүн кандай сабак?

- Эми кыргыздар негизи адамды көзүнүн тирүүсүндө сыйласак жакшы болмок. Кишинин жанын кейиткен эле нерсе бул – кайдыгерлик. “Ата-Бейитти” көбү эгемендик күнүндө гана эстейт. Калган убакта болсо көр оокат дегендей… Эжени болсо тарыхты билгендер унутпайт. Жаңы муун дагы “Ата-Бейитке” көңүл бурса, ошол Бүбүйра апага көңүл бурган болот. Эженин атын өчүрбөгөнгө дайыма аракет кылабыз.

Бул эженин тагдыры татаал болду. 12 жашынан баштап колхоздо иштеди. Ленинградда жогорку профсоюздук мектепти аяктап, чоң кызматтарда иштеди. Өзү балалуу болбосо да, туугандарынын балдарын тарбиялап, бакты. Эже адам катары мыкты эле. Биринчиден, мындай кишилерди эч качан унутпаш керек. Экинчиден, мындай кишиге кайдыгер мамиле жасабаш керек. Бул эл үчүн гана эмес, бийлик үчүн да чоң сабак.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!