Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Анкарада Эрдоган менен жолукту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас. Анкара. 14-август, 2024-жыл.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен 14-августта Анкарада жолукту. Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги эки лидер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерин талкуулаганын кабарлады. Жолугушуу жабык өткөнү белгиленди.

Анда Эрдоган Аббасты Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого чакырды. Расмий Анкара анклавдын калкын колдорун, эл аралык коомчулуктун Израилге кысымын кубаттай турганын айтты.

Аббастын бул сапары он айдан бери Газа тилкесинде уланып жаткан согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай, Иран жана анын тарапташтарынын Израилге кол салуу коркунучу күчөп турган маалга туш келди.

Эрдоган Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерин кескин сындап, өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну "Газанын касапчысы" деп атап келет. Газадагы согуштун тутанышына ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрда Израилге жасалган кол салуусу түрткү болгон. Бул уюмду АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп санаганы менен Эрдоган аны "боштондук кыймылы" деп атайт.

Аббас ошондой эле 15-августта түрк парламентинде сөз сүйлөй турганы белгилүү болду.

7-октябрдагы кол салууда хамасчылар 1200дөй киши жок кылынып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Андан бери Израил армиясынын Газадагы аскердик операциясында 40 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо уюму билдирип келет. (ElB)

Дагы караңыз

Берлин "Түндүк агымдагы" жарылуу боюнча украин жаранга издөө салдыЖыл башынан бери 13 миңден ашуун киши кызамыкка чалдыктыОш облустук соту Тилек Матраимовго 300 миң сом айып пул чегергени белгилүү болду