Молдова Орусияга тетик сатууга көмөктөшкөн үч компаниянын ишин токтотту

Орусиянын Su-34 бомбалоочу учагы.

Молдова Орусияга учак тетигин сатууда ортомчулук кылган үч компаниянын (Airrock Solutions, Aerostage Services жана Maxjet Service) ишмердүүлүгүн токтотконун бүгүн 13-августта «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун молдован кызматы жазды.

Мындай чечим 7-августта Инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча кеңештин премьер-министр Дорин Речандын төрагалыгы менен өткөн жыйынында кабыл алынганы маалымдалды.

Быйыл февраль айында радионун молдован кызматынын журналисттери иликтөө жүргүзүп, аталан үч ишкана 2022-2023-жылдары орусиялык фирмаларга жалпы суммасы 15 миллион долларга учак тетигин сатууда ортомчулук кылганын аныктап чыгышкан.

Бул ишканалардын аракетинде Молдованын мыйзамдары бузулган фактылар аныкталган эмес, бирок иш Европа Биримдиги Орусия 2022-жылы Украинага каршы согуш ачканы үчүн ага каршы бир катар санкция жарыялангандан кийин болгону белгиленген. (RK)

Дагы караңыз

Курск: Кырдаал курчуду. Украин армиясы 30 чакырымга чейин кирдиУкраина армиясы Орусиянын аймагына киргенин ачык жарыялады Ооганстандын Пакистан менен чек арасындагы соккудан үч киши каза болду"Кайда барабыз?" Хан-Юнистен качкан палестиндер