Ооганстандын Пакистан менен чек арасындагы соккудан үч киши каза болду

"Торхам" бекети жактан тартылган архивдик сүрөт.

Ооганстан жана Пакистан чектешкен тилкеде кайрадан куралдуу кагылышуу болуп, ооганстандык үч жайкын тургундун өмүрү кыйылганын бүгүн 13-августта ооган өкмөтүн башкарып турган «Талибан» кыймылы билдирди.

Окуя 12-августтун кечинде ортодогу «Торхам» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жерде, Ооганстандын аймагында болгон. Пакистан жактан атылган миномет снаряды турак үйгө тийген.

Талибдердин айтымында, пакистандык аскерлер ооган чек арачыларына каршы ок чыгарган.

Каза болгондордун экөө балдар жана бири аял экени тастыкталды.

Атышуудан Пакистандын үч чек арачысы жараат алганы кабарланды.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасы ондогон жыл мурда, британиялык колониялык башкаруу заманында бөлүнгөн, бирок алигүнчө талаш жаратып келет. Мунун айынан чек ара тилкесиндеги коопсуздук күчтөрү ортосунда ар кандай куралдуу кагылышуулар катталып турат. «Торхам» көзөмөл-өткөрмө бекети буга чейин бир нече жолу жабылып, кайра ачылган. (RK)

Дагы караңыз

"Кайда барабыз?" Хан-Юнистен качкан палестиндер ИИМ Болгарияда маӊзат табылган жүк Кыргызстандан барды деген маалыматты четке кактыОрусия согушка жөнөткөн мигранттардын көбү өзбек, тажик жарандары экени кабарландыЧет өлкөлөрдөгү кыргыз айдыңдары жылуу сөзгө арзышат