Мунун алдында орусиялык депутат Александр Хинштейн видеохостингдин "мыйзамдарга баш ийбей жатышынан” улам ылдамдыгы 70% төмөндөрүн эскерткен.
Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 31-июлда YouTube "бейтарап платформа эмес, ал Вашингтондун саясий тапшырмасы боюнча иштейт" деп айтып, бирок буга далил келтирген эмес.
Видеохостингдин Орусияда бөгөттөлүшү Кыргызстанга таасир этиши мүмкүнбү?
Орусия бийлиги Ютубга эмнеге өч?
Август айынын башында Орусиянын аймагында YouTube өтө жай иштеп же такыр эле ачылбай жатканын айтып арызданган колдонуучулардын саны кескин көбөйдү.
1-августта орусиялык YouTube колдонуучулары видео жүктөөдө көйгөйлөр жаралганын билдиришкен. Бир сутка ичинде Sboy.rf порталына Москва, Санкт-Петербург жана Краснодар аймагынан 14 миңден ашык арыз келип түшкөн.
7-августта “Медуза” басылмасы телекоммуникациялар рыногундагы булактарына таянып, орус бийлиги Ютубдун ылдамдыгын секундасына 128 килобитке чейин төмөндөткөнүн жазды.
Июль айынын ортосунда Ростелеком "Орусияда орнотулган Google серверлеринин эскиргенинен улам" YouTube Орусияда начар иштей башташы мүмкүн деп эскерткен.
Бир катар эксперттер "Ростелекомдун" бул түшүндүрмөсүнөн күмөн санашкан. Кийинчерээк Google Орусиядагы YouTube видеохостингинде жаралган көйгөйлөргө тиешеси жоктугун билдирген.
Дагы караңыз Кремлдин YouTube'га жеткен цензурасыБиз Москва шаарындагы бир нече кыргызстандыкка кайрылып, азыркы жагдайды сураганыбызда, видеохостингдин ачылбай жатканын, сентябрь айында Ютуб толук жабылат деген да сөздөр бар экенин айтышты. Азырынча тоскоолдуксуз иштеп жатканын айткандар да жок эмес.
“Биздин Москвага келгенибизге бир жумадай болуп калды. Келгенден бери эле Ютуб иштебейт, иштесе да жай иштейт. Бирок ВПН менен иштейт. Сентябрда таптакыр иштебей калат деген да сөздөр бар. Андан ары эмне болору белгисиз”, - дейт атын ачык атагысы келбеген Москвадагы мекендеш.
Google компаниясына таандык бул платформа бийликке ыктаган ондогон аткаруучунун жана мамлекет каржылаган кээ бир ЖМКлардын аккаунтун жаап салгандан кийин мыйзам чыгаруучулар жана жөнгө салуучулар менен маселе жарала баштаган. Ал Роскомнадзор өчүрүүнү талап кылган миңдеген аккаунтту өчүрүүдөн баш тартып койгон.
Мамлекетке YouTube боюнча "жөнгө салуу" иштерин каалагандай жүргүзүүгө 2019-жылы тиешелүү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр шарт түзүп, Роскомнадзорго мүмкүнчүлүктөр берилген.
Кыргызстанга таасири кандай?
Ютубдун айланасындагы Орусиядагы соңку жагдай видеохостингдин кыргыз сегментин да тынчсыздандырды. Бирок Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдындагы байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Асанов кабатыр болууга негиз жоктугун айтты.
“Ар бир өлкөдө өз-өзүнчө бөгөттөлөт да. Транзиттик трафикке ал таасир этпейт. Бул алардын ички байланыш тармагына байланыштуу маселе. Биз болсо бул жумада жергиликтүү байланыш операторлоруна кат жолдодук. Алар өз абоненттеринен келген арыз-даттануулар жөнүндө маалымат бериши керек. Дүйшөмбү же шейшемби күндөрү бизде бул маселе боюнча толук картина болот”, - деди Асанов.
Мекеменин адиси Ютубдун трафиги Кыргызстанга кайсы багыттар менен келерин купуялуулук саясатынан улам ачыктаган жок. Ошондой эле мамлекеттин бул видеохостингди атайын бөгөттөө планы жок экенин кошумчалады.
Контент жаратуучуларды түйшөлткөн жагдайлар
Ютубка байланыштуу Орусиядагы соңку кырдаал техникалык жактан Кыргызстанга таасир этпегени менен, аудитория, контент, монетизация жагынан кыйла тоскоолдук жаратарын бул тармактагы адистер жашырбайт.
“Азыр кыргызстандык ютуберлер Орусия үчүн же орус тилинде жасаган контентинен акча таба албай калышты. Жакында эле биздин Ютуб тармагындагы компаниялар: “Азыр Орусиядагы көрүүлөрүбүз текке кетип жатат”, - деп айтышты. Көрүүлөрү, катталуучулардын санына жараша берилчү баскычтары бар, бирок эч кандай төлөм, монетизация жок”, - дейт Жогорку Технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров.
Ютуб каналдар Ал эми YouTube боюнча эксперт, Solo Media каналынын жетекчиси Кундуз Казыбек кызы хостингди Орусияда бөгөттөө чарасы ириде ал жактагы кыргызстандыктардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгөн ажыратарын белгилейт.
“Украинадагы согуш башталгандан берки эле окуялар Ютубга таасирин тийгизип келе жатат. Азыр бардык контент жаратуучуларга багытын өзгөртүүгө туура келди. Буга чейин алар кыргызча контент көргөн эмгек мигранттарынын эсебинен киреше таап келишкен. Кийин монетизация өчүрүлгөндөн кийин Америка сыяктуу башка багыттарга ооп кетишти. Бул бизге эле эмес, ал жактагы кыргыздарга да таасир этет. Бул жакта болуп жаткан жаңылыктарды биле албай, маалыматтан арта калып калышат”.
Ютуб Орусияда эмгектенген борбор азиялык мигранттар кеңири колдонгон платформа. Орусиялык жарандар арасында да көргөн убактысы жана көрүүчүлөрдүн саны жагынан басымдуулук кылган платформа болуп эсептелет.
Орус бийлиги Ютубдун аналогу катары RuTube видеохостингин, "VK Видео" платформаларын сунуштап келет. 10-августта App Store өзүнүн тиркемелер дүкөнүнөн RuTube видеохостингин алып салганы белгилүү болду.
Бул орус бийлигинин соцтармактарды көзөмөлдөө же бөгөттөөгө жасаган алгачкы аракети эмес. Украинада толук кандуу согуш башталгандан бери Кремль өлкө ичинде цензураны күчөтүп, Инстаграм, Фейсбук баштаган социалдык тармактарды иштетпей койгон.