Париж-2024: 10-августта кыргызстандык беш спортчу мелдешке чыгат

Балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатында, 13-апрель, 2024-жыл

10-августта Париж Олимпиадасында кыргызстандык беш спортчу эркин күрөш жана бокс боюнча мелдешке чыгат.

Саат 15те башталчу таймаштардын жадыбалына ылайык, 125 кг чейинки салмакта коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке Айаал Лазарев канадалык атлет Амарвир Деси менен чыгат.

65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев венгриялык балбан Исмаил Мусукаев менен 1/8 финалда таймашат.

76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы кытайлык атлет Ван Цзюань менен 1/8 финалдык мелдешке чыгат.

11-августка караган түнкү саат 12ден кийин балбан Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн беттешке чыгат. Ал румыниялык Криста Инце менен канадалык Анна Гонзалестин кимиси утса, ошону менен күрөшөт.

Саат 01:30дан кийин мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыгат. 57 кг чейинки салмакта ал өзбекстандык спортчу Абдумалик Халоков менен беттешет.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 66-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

Дагы караңыз

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөтОлимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарыхУкраин армиясы Орусияга эмнеге кирип барды?Уйкусун смартфонго уурдаткан балдар