Курск облусунда федералдык масштабдагы чукул кырдаал жарыяланды

Курск облусундагы Суджа шаары. 7-август 2024-жыл

Орусиянын Курск облусунда федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

7-августта Курск облусунун башчысынын милдетин аткаруучу Алексей Смирнов украин куралуду күчтөрүнүн чабуулунун «кесепетерин жоюу үчүн» чек ара аймагында регионалдык масштабдагы чукул абал режимин киргизген.

Украин аскерлери 6-августта облуска кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда. “Свобода” радиосу социалдык тармактардагы маалыматтарга таянып жазганына караганда, жумага караган түнү Рыльск шаарына жакын жерде орусиялык аскердик техникага сокку урулду.

Согушту колдогон «Военный осведомитель» Телеграм-каналы украин куралдуу күчтөрү орусиялык колоннага HIMARS ракеталарынан сокку урганын жазды. Канал Курск облусунда табылды деген ракеталардын сыныктары тартылган сүрөттү жарыялады.

"Медиазона" видео чек арага 35 км жакын жердеги Октябрьское айылында тартылганын маалымдады. Айыл салгылашуулар жүрүп жаткан Коренево кыштагынан 20 км аралыкта орун алган.

The Insider түрдүү булактарга, жергиликтүү тургундарга шилтеме менен украиналык аскерлер облуска кирип келгенден бери 11 калк жашаган пунктту көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Украина президентинин атын атабаган кеңешчиси The Washington Post гезитине билдиргендей, украиналык аскерлер Курскиде 100 чарчы км аймакты көзөмөлгө алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп турганын айтууда.

9-августта мекеме аскердик бөлүктөр региондун түпкүрүнө жылып жатканын, Дарьино, Гоголевка, Меловой, Никольский, Суджи айылдарынын жанында кармаштар уланганын билдирди.

Министрликке жакын "Рыбарь" телеграм-каналы аймакка такоолдогу аскерлер келе баштаганын маалымдады.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар, социалдык тармактардагы видеолорго караганда, орус армиясы абалды көзөмөлдөөдө деген билдирүүлөрдү четке кагууда. Алар жардамдын жоктугуна, элди эвакуациялоо болбой жатканына даттанууда.

Бейшембиде орус президенти Владимир Путин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондорго кенемте төлөө тапшырмасын берген.

Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко облусту аткылоодон 6-8-август күндөрү 66 киши, арасында 9 бала жабыркаганын билдирген.

Бирок украин аскерлеринин жапырыгынын чоо-жайы бүдөмүк калууда. Операцияга украиналык канча жоокер катышып жатканы дагы белгисиз.

Орусиянын Коргоо министрлиги каршы тараптан бир миңдей аскер, 20дан ашуун танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлаган.

Жума күнү эртең менен Липецк шаарынын жанында пилотсуз учактардын чабуулунан аскердик аэродромдо өрт тутанганын Чукул кырдаалдар министрлигинин регионалдык башкармалыгы маалымдаган.

Дагы караңыз

"Айып төлөсүн". Пикир жазгандарды ооздуктаган жаңы мыйзамЖапония-Борбор Азия: Москваны кызгандырган кызматташтык Олимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарых