Кыргызстанда соңку үч жылда 214 жаңы мектеп салынды

Мурас-Ордо конушундагы мектеп. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда курулуп, ишке берилген жалпы билим берүүчү мектептердин жана турак жайлардын саны союз мезгилиндеги көрсөткүчтөн ашып түшкөнүн билдирди. Жапаров бул тууралуу 9-августта куруучулар күнүнө карата жасаган кайрылуусунда билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, 1985-жылы Кыргыз ССРинде 1096 миң чарчы метр, 1990-жылы 1560 миң чарчы метр турак жай имараттары пайдаланууга берилип, бул эң жогорку көрсөткүч болгон. Ал эми 2023-жылы 1587,5 миң чарчы метр турак жай имараттары пайдаланууга берилди.

Жалпы билим берүүчү мектептерди ишке киргизүү боюнча эң жогорку көрсөткүч 1968-жылы жана 1987-жылы болуп Кыргыз ССРинде 50 мектеп ишке берилсе, ал эми 2023-жылы 105 мектеп пайдаланууга берилген.

Акылбек Жапаров быйыл 30-майда акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынганын айткан.

Буга чейин өкмөт 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөтЭдил Байсалов фейк маалымат тараткандардын жоопкерчилигин эскертти Олимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарых"Айып төлөсүн". Пикир жазгандарды ооздуктаган жаңы мыйзамКонстантиновкада орусиялык күчтөрдүн огунан тогуз киши каза таптыТажикстанда белгилүү адамдарга иш козголгону ырасталды