Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Бекзат Алмаз уулу.

Париж Олипиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ал чейрек финалда жеңилген АКШ балбаны Спенсер Ричард Ли жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 14:4 эсебинде жеңди.

Күрөш эрежесине ылайык Алмаз уулу эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Ал таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

Көңүл жубатуучу таймашта Бекзат Алмаз уулу кытайлык Цзоу Ванхао менен күрөшөт. Беттеш 9-августта саат 15:00дө башталат.

Бекзат Алмаз уулу буга чейин 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңген. Чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилген (2:12).

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-жыл, апрель). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022,2023).

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 58-орунда баратат.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов 8-августта коло байге үчүн азербайжандык Хасрат Жафаров менен беттешет. Күрөштүн түрлөрүнөн 8-августка белгиленген жарым финалдык жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта мелдештин жарым финалына чыккан. Ал 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Оюндар 12-августка чейин уланат. Алдыда балбандар Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова мелдештерге катышат. (ECh/GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

Дагы караңыз

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медал уттуПариж - 2024: Кыргызстандын балбандары төрт медал утту Кой-Таш окуясы: бийлик кумары, офицердин өлүмү, созулган сот