Элчи Вигери АКШга мыйзамсыз кирүүнүн кесепеттерин түшүндүрдү

Лесли Вигери.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери SUPERTV Ютуб каналына Америкага мыйзамсыз киргендер боюнча маек курду. Анда Вигери ал өлкөгө мыйзамсыз баруунун кесепети тууралуу айтып берди.

“Аларды эмне күтүп турат? Аларды жетишерлик оор процесс күтүп турат. Депортация күтүп турушу толук мүмкүн. АКШ түрдүү өлкөлөр менен чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандарды депортациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле келечекте АКШга кандайдыр бир виза алуу укугунан ажыратылышы күтүлөт”, - деди элчи.

Ал АКШдан башпаанек алуунун мыйзамдуу жолдору бар экени эске салды.

New York Post 10-июнда АКШнын Калифорния штатынын Чек ара кызматы Борбор Азиянын үч мамлекетинен – Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана дагы бир катар мурдагы советтик өлкөлөрдөн барган мыйзамсыз мигранттар кармалгандан кийин дароо депортация кылынарын жазган.

Макалада айтылгандай, чек арачыларга ушундай тапшырма берилген. Ага ылайык, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан мыйзамсыз барган жарандар дароо АКШдан чыгарылат.

5-июнда АКШ президенти Жо Байден Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттардын башпаанек алуу эрежелерин катаалдатууну тапшырган. Эми андай келгиндерди артка кайтаруу мурдагыга караганда оңой болуп калмакчы. (TSh)

Дагы караңыз

Ымыркайларды төрөт үйүнөн каттоо долбоору ишке кирди