Иранда өкмөткө каршы акцияга катышкан активист өлүм жазасына тартылды

Реза Расаи.

Иранда эки жыл мурдагы нааразылык акцияларында кармалган активист дарга асылганын бүгүн 6-августта “Фарда” радиосу ирандык сот системасы менен байланыштагы Mizan маалымат агенттигине таянып кабарлады.

34 жаштагы Реза Расаи 2022-жылы камакка алынган, аны өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм 2023-жылдын октябрында чыккан. Укук коргоочулар активист юридикалык жардам алуу укугунан ажыратылган шартта соттолгонун белгилешкен.

Ага Сахне шаарындагы башаламандык учурунда каза болгон «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» офицери Надер Байраминин өлүмүнө байланыштуу айып тагылган. Өзү мындай кине негизсиз экенин айткан.

Amnesty International уюму Расаиге тагылган айыпты күч кызматкерлери уруп-сабап, электрошокер менен кыйнап, муунтуп, асып, сексуалдык зомбулук көрсөтүп жатып моюнуна алдырышканын айтып чыгышкан.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Дагы караңыз

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алдыAmnesty International Афган Садыговду экстрадиция кылбоого чакырдыМелис Турганбаев: Жоламан менен Акжолдун келечеги кең Балбандардын ызасы, үмүт жандырган финал