Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Казак балбаны Демеу Жадраев менен Акжол Махмудовдун чейрек финалдагы беттеши.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Анын чейрек финалдагы атаандашы - казак балбаны Демеу Жадраев жарым финалда азербайжандык Санан Сулаймановду утуп, финалга чыкты. Күрөш эрежесине ылайык финалга чыккан балбандын атаандашы көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Ал таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

Махмудов 7-августта көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньоз менен күч сынашат.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди.

Үзүр Жусупбеков

Үзүр Жусупбековдун чейрек финалдагы атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави 97 килограммга чейинки салмакта жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, финалга чыкканы үчүн кыргыз балбаны дагы көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Жусупбеков көңүл жубатуучу бөлүктө АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау менен күрөшөт. Таймаштар 7-августта саат 15:00дө башталат.

Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, бирок чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган.

Бүгүн, 6-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда АКШ балбаны Эмит Элор менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (GT)

Дагы караңыз

Amnesty International Афган Садыговду экстрадиция кылбоого чакырдыМелис Турганбаев: Жоламан менен Акжолдун келечеги кең Балбандардын ызасы, үмүт жандырган финал