"Мейкин" сыйлыгынын сынагына материалдарды кабыл алуу башталды

Журналисттер президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда. Март, 2024-жыл.

Журналисттерге ыйгарылуучу "Мейкин" сыйлыгынын сынагына арыздарды жана материалдарды кабыл алуу башталды.

Бул тууралуу президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуу учурунда “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча көз карандысыз медиа эксперттер, журналисттер жана мамлекеттик кызматкерлерден турган сынактык комиссиянын курамы тааныштырылды.

Маалыматка ылайык, сынакка катышууну каалагандар быйыл 1-январдан 1-октябрга чейинки мезгилде даярдалып, жарыяланган материалдарын meikin@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтө алат.

Бул сыйлыктын максаты – медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналистердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө деп берүү. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомду түздү. 10 номинациянын бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылат”, – деди Дайырбек Орунбеков.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка 12-июнда кол койгон.

Жарлыктын негизги максаты - журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү экени айтылган.

Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган. 1 миллион сом сый акыны быйыл 7-ноябрда президенттин катышуусунда тапшырылары кабарланган.

Ага ылайык, 10 номинация боюнча “Бир эл – бир түндүк”, “Керемет Кыргызстан”, “Салык – өнүгүүгө салым”, “Таза мекен”, “Билим – келечек”, “Куттуу элет”, “Мекен жана мен”, “Мекендештер”, “Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG) жана “Сергек жашоо” деген темалар тандалып алынган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандык коомго, сөз эркиндигине басым күчөгөнүн билдирген. Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга дуушар болгонун белгилеген.

Кыргызстанда быйыл январь айында “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун азыркы жана мурдагы 11 журналисти кармалган. Алардын ичинен жети журналист эркиндикке чыгып, төртөө тергөө абагында жатат.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда Кыргызстандагы көз карандысыз “Клооп” порталын жапкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.(ZKo)

Дагы караңыз

"Олимпиададан качып, Кыргызстанга келдик"Ысыкта кой жайган жеткинчек, унутулган укук"Ток менен урушту". ЕАЭБдин мигрантка тийбеген жарыгыАзиздерди жоопко тартууда укугун коргоочу мыйзамга кол коюлдуИзабеков Мээримдин даярдыгы тууралуу айтты