Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Изабеков Мээримдин даярдыгы тууралуу айтты


Мээрим Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыкты.

Анын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков беттештен кийин комментарий берип, Мээрим Олимпиадага жаракатына карабай келгенин айтты:

"Кыйын беттештер болду. Аягына чейин күрөшүп, финалга чыкты. Финалда америкалык балбан кыз менен күрөшөт. Чемпион болобуз деп келгенбиз. Көбү Мээримди утулат деп ойлошту. Операция кылыш керек эле ага карабай келди. Эгер операция болсо Олимп оюндарына катыша албай калмак".

Мээрим Жуманазарова жарым финалдык беттеште нигериялык, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси 35 жаштагы Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңди.

Алдыда чемпиондук үчүн күрөшөт. Мээримдин атаандашы АКШ балбаны, эки жолку дүйнө чемпиону Эмит Элор.

Мээримден сырткары грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта жарым финалында жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилди. Эми ал коло медал үчүн күч сынашат.

Бүгүн, Бишкек убактысы менен 15:00дө грек-рим күрөшүнөн жана кыз-келиндер күрөшүнөн кийинки салмактагы беттештер башталат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов менен 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Андан сырткары кыз-келиндер арасында 50 килограммга чейинки салмакта мелдештер өтөт. Бул саламктагы беттештердин жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат. Анын артынан эле грек-рим күрөшүнөн 60 жана 130 килограммга чейинки, кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмактарда коло байге үчүн бетештер, анын артынан финалдык беттештер өтөт.

XS
SM
MD
LG