Азиздерди жоопко тартууда укугун коргоочу мыйзамга кол коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги “Кылмышка шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президентин сайтында жазылды.

Мыйзамдын максаты көрүүсү начар адамдардын сот өндүрүшүндө шарт түзүүгө багытталган. Тактап айтканда Кылмыш-жаза кодексиндеги өндүрүштөргө катышууга көзү азиз адамдарга жардамчы берүү каралган. Көзү азиз шектүүгө Брайл шрифтинде терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн жабдыктарды колдонууга укук берген ченемдер менен толукталды.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 26-июнда кабыл алган.

Акыркы маалыматка ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 213 миңден ашат. 2020-жылдагы расмий статистикада алардын сегиз миңден ашууну көзү азиздер. Укук коргоочулар Кыргызстанда Брайл шрифти менен жазылган китептер жетишсиз экенин дагы айтып келишет. (TSh)

Дагы караңыз

УКМК Чолпон-Атада түнкү клубдун кардарларынан маңзат табылганын билдирди