Казакстанда күйдүргү катталган айылда карантин жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Костанай облусунун Приречное айылында бодо малдан күйдүргү табылып, карантин жарыяланганын бүгүн 5-августта КазТАГ маалымат агенттигине таянып «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Абал турукташканча чектөө уланары маалымдалды. Ылаң канча баш малдан табылганы айтылган жок.

Айыл чарба министрлигинин былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында жергиликтүү ветеринардык кызматтардын мал ылаңын алдын алуу боюнча иштери тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатканы белгиленген. Эмдөө тартиби, күйдүргү калдыктарын көмүү жана малды каттоого алуу иштери сынга кабылган.

Мекеменин маалыматына караганда, 2023-жылы күйдүргү Казакстандын төрт аймагында – Акмоло, Жамбыл, Түркистан жана Караганды облустарында катталган, ылаң жуккан бир киши каза болгон.

Быйыл жазында Казакстанда сел жүргөн аймакта суу күйдүргүдөн жана башка ылаңдан кырылган мал көмүлгөн атайын жайларды да каптап жатканы тууралуу маалыматты өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тастыктаган, бирок эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирген. «Уральская неделя» басылмасы Батыш Казакстан облусунда мал көмүлгөн сегиз жана күйдүргү калдыктары көмүлгөн 14 жайды суу каптаганын жазган. (RK)

Дагы караңыз

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыктыПариж-2024: Жоламан Шаршенбеков биринчи атаандашын уттуПариж-2024: Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашын уттуПариж-2024: Мээрим менен Жоламан чейрек финалда