Венесуэлада Мадуронун бийлигине каршы акциялар уланууда

Венесуэлада президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык билдирип чыккан демонстранттар казан-аяк калдыратып жатышат. 3-август, 2024-жыл.

Венесуэлада 3-августта президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар уланды. Ага оппозиция лидери Мария Корина Мачадо дагы катышты. Баш калаа Каракаста чогулган миңдеген адамдардын алдында сүйлөп жатып ал: "Венесуэла бийлигинин каршылаштары азыркыдай күчтүү, ал эми режим мынчалык алсыз болгон эмес",- деди.

Буга чейин ал бийлик камап салышы мүмкүн деп кооптонуп, бир нече күн жашырынып жүрүүгө аргасыз болгон. Ал президенттик шайлоонун жыйынтыгынын бурмаланышына байланыштуу акциялар уланарын эскертти.

Түштүк Америкадагы эң жакыр мамлекет саналган Венесуэлада 28-июлда өткөн президенттик шайлоодо үчүнчү ирет Николас Мадуро жеңип чыкканы жарыяланган.

Оппозиция жана миңдеген жарандар добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбастыгын билдирип көчөгө чыгышкан. Андан берки демонстрацияларда эки миңдей киши кармалганы маалым болду. 3-августта жасаган билдирүүсүндө Мадуро кармалгандар эң катаал режимдеги түрмөлөргө камаларын айтты.

"Бул жолу эч кимди аябайбыз",-деди ал.

Венесуэла оппозициясы билдиргендей, Мадуро өлкөнү саясий жана социалдык-экономикалык кризиске толук кептеди. Соңку 14 жылда саясий куугунтуктоо, ачарчылык, жакырчылык жана кылмыштуулуктан качып, өлкөдөн жети миллиондой киши же калктын төрттөн бир бөлүгү чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Дагы караңыз

АКШнын Юстиция министрлиги TikTok компаниясын сотко бердиОрусия украин кыштагын өз карамагына алганын билдирди, Киев ырастай элекСпорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди