Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Орусия украин кыштагын өз карамагына алганын билдирди, Киев ырастай элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-августта орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Новоселивка Перша кыштагын өз карамагына алганын билдирди. Расмий Киев бул маалыматты ырастай элек. Донецк аймагынын бир бөлүгүн Орусия 2022-жылы, Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан көп өтпөй аннексиялап алган.

4-августтун таңында орус армиясы Украинанын аймактарына ракета жана дрондор менен абадан жапырт чабуул койду. Украин армиясы беш дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу украин аба күчтөрүнүн башчысы Николай Олещук "Фейсбук" аркылуу маалымады. Анын жазганына караганда, "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор Краснодар аймагындагы авиабазадан учурулган.

Андан тышкары таңкы аба чабуулда С-300 жана Х-59 ракеталары колдонулганын украин тарап билдирди.

Ал эми Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин 4-августта билдиргендей, ишембидеги орус армиясынын аткылоосунан 15 киши, анын ичинде бир ымыркай жараат алды.

Кескин далилдерге карабастан, Орусия жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерге сокку урарын кайталап келет.

БУУнун Адам укуктарына көз салган миссиясы Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери кеминде 11 284 карапайым украиналык набыт болгонун билдирди. Эл аралык уюм бул так көрсөткүч эместигин, реалдуу сандар мындан алда канча жогору болушу ыктымалдыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG