Бангладеште өкмөткө каршы демонстрацияда 23 кишинин өмүрү кыйылды

Бангладештеги нааразылык акциясынын катышуучулары. 18-июль, 2024-жыл.

Бангладеште өкмөткө каршы демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда кеминде 23 кишинин өмүрү кыйылды.

Премьер-министр Шейх Хасинанын бийликтен кетишин талап кылган студенттердин акциясы 3-августта кайрадан жанданган.

Баш калаа Дакканын көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамды таркатуу үчүн полиция жаш чыгарчу газ жана желим окторду колдонду. Мобилдик телефондордо Интернет өчүрүлдү.

Акциянын катышуучулары ошондой эле өткөн айдагы демонстрациялардын маалында набыт болгон 200дөй жарандын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышты.

3-августта өкмөт башчы Шейх Хасина каршылык акциялардын лидерлерин өзүнүн резиденциясына жолугушууга чакырды.

“Мен козголоңчу студенттик кыймылдардын лидерлери менен жолугуп, аларды уккум келип турат. Мен жаңжалды каалабайм”,- дейт Хасина.

Бангладеште нааразылык акциялардын тутанышына 2018-жылы жокко чыгарылган жумуш квотасы боюнча система кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон.

Соттун чечимине ылайык, мамлекеттик кызматтардын 30% 1971-жылы өлкөнүн Пакистандан көз карандысыздыгы үчүн согуштун катышуучуларынын жакындарына каралмак. Нааразылык акциялары күчөп кеткендиктен Жогорку сот 21-июлда бул квоталарды беш пайызга чейин төмөндөттү. Демонстрациялар башаламандык менен коштолуп, кагылышууларда ондогон бангладештиктер набыт болду. Өкмөт өлкө боюнча коменданттык саат жарыялап, Интернетти өчүрүп салган.

Бириккен Улуттар Уюмунун серепчилери Бангладеш бийлигин акциянын катышуучуларына катаал репрессиялык мамиле жасоону токтотууга чакырды.

Бангладеш - дүйнөдөгү экономикасы өтө тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Буга карабай университет бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жумушсуздук дагы деле күч бойдон. Ар кандай эсептерге караганда, 175 миллиондой калктын 18 миллиондою жумушсуз.

Дагы караңыз

Спорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди Британиядагы акциядан кийин 90дон ашуун адам кармалдыУкраина Орусиянын суу астындагы кемесин чөктүргөнүн маалымдады