Орусиянын бир катар облустары дрон чабуулдарына кабылды

Ростовдогу күйүп жаткан мунай база.

Ростов жана Белгород облустарында 3-августка караган түнү дрон чабуулдарынан нефтебаза өртөнүп, Орлов облусунда эки дрон турак жайга түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлап, соккуларга Украинаны айыпташты.

Орлов облусунун башчысы Андрей Клычков турак жайга тийген дрондон сырткары, үч учкучсуз аппарат жок кылынганын жана жаракат алгандар жок экенин билдирди.

Ростовдун губернатору Василий Голубев түндө 55 дрон чабуулу болгонун, андан эки райондогу кампалар талкаланганын билдирди. Жараат алгандар жок. Жергиликтүү тургундар чабуул жасалган Морозов районунда аскер аэродрому болгонун жазышууда. Каменск районундагы мунай резервуарынан өрт чыкты.

Дрон чабуулу Белгород облусундагы мунай базага тийип, бир резервуар күйүп кеткен. Жаракат алгандар жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жалпы 36 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусия Украинага согуш ачкандан бери Орусиянын айрым аймактары дрон чабуулуна кабылып жатат. Андан имараттар талкаланып, адам курмандыктары болгон учурлар бар. Көпчүлүк учурда Украина дрон чабуулдары жөнүндө комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Кыргызстанга келди