Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Кыргызстанга келди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Бишкекке келди.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Бишкекке келди.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жозеп Боррел Кыргызстанда президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен жолугушуусу пландалган.

Азырынча кандай маселелер талкууланары белгисиз.

25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел жаңы келишим алакаларды бекемдөөгө жана тереңдетүүгө жол ачарын белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG