Камактагы эки журналист эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

Сүрөттө Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров.

Камактагы журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева Free Press Awards эл аралык сыйлыгына көрсөтүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы уюму кабарлады.

Уюмдун маалыматында сыйлыкка талапкерлерди көз карандысыз эл аралык эксперттер аныктап, жыйынтыгы сентябрда чыгарылат. Free Press Awards сыйлыгы – сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн журналисттерге ыйгарылат.

Иликтөөчү журналист Актилек Капаров Temirov Live каналында иштеген. Ал камалганга чейин Alga.media долбоорун негиздеп, иштеп жаткан. Temirov Live каналынын 23 жаштагы журналисти Айке Бейшекеева фактчекинг багытында иштейт.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийинчерээк Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков үй камагына чыккан.

Ушу тапта төрт журналист - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh)

Дагы караңыз

Өкмөт уюшкан кылмыштуу топко каршы жаңы мыйзам сунуштады