Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Өкмөт уюшкан кылмыштуу топко каршы жаңы мыйзам сунуштады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Министрлер кабинети Ички иштер министрлигинин демилгеси менен "Уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Долбоор өлкө жетекчилеринин уюшкан кылмыштуулукту жоюу, анын идеологиясына жана каржылык булактарына бөгөт коюу үчүн багытталган.

Документтин негиздемесинде 2013-жылы кабыл алынган “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам эскиргени, кылмыштуулук менен күрөшүүдө актуалдуу болбой калганы айтылат.

Мыйзам долбоорунда кылмыштуу топтун мүчөсүн каттоо, анын мүлкүн текшерүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, каржылоосун, криминалдык идеологияны аныктоо сыяктуу беренелер жазылган. Долбоордо криминалдык идеологияны пропагандалоого тыюу салынып, адам өзүнүн криминалдык иерархиядагы макамын жарыялоого жол берилбейт.

Өкмөт 2023-жылы декабрда дагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жазаны катаалдаштырган жаңы мыйзам долбоорлорун сунуштаган. Ал мыйзамдар кабыл алына элек.

2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы кайрадан болуп, ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын билдирген. Атайын кызмат Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делген бир катар адамдар кармалууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG