Украинага 250 жоокердин сөөгү жеткирилди

Украиналык аскерди акыркы сапарга узатуу. (Архив)

"Азаттыктын" украин кызматы өлкөнүн координациялык штабына шилтеме берип, согушта каза тапкан 250 жоокердин сөөгү Украинага кайтарылганын жазды.

Маалыматка караганда, аскерлер Луганск, Бахмут, Марынск, Авдеевка, Херсон, Запорожье, Мариупол, Горловка жана Орусиядагы мейитканадан алып келинди.

"Аскер кызматкерлеринин сөөгүн берүү Женева конвенциясынын нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Репатриацияланган сөөктөр атайын мамлекеттик мекемелерге жеткирилет. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана соттук-медициналык эксперттер жабырлануучулардын тек-жайын такташат", - деп айтылат маалыматта.

Аскерлердин тек-жайы аныкталгандан кийин туугандарына өткөрүлүп берилет.

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келет. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагууда. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын согуш кылмышы деп айыпташат. (AiA)

Дагы караңыз

Кремль Вадим Красиковдун ФСБда кызмат кылганын моюнга алдыЭлектрди керектөө "рекорддук чекке" жеткени айтылдыКазакстанда жарандык активист камакка алынды