Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Электрди керектөө "рекорддук чекке" жеткени айтылды


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Кыргызстанда жай айларында электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жеткенин энергетика министри Таалайбек Ибраев 2-августтагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда бир сутка ичинде электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 миллион киловаттка жетип жатат.

“Бизде мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Дайыма 32-35 миллион болуп келген. Учурдан пайдаланып керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырам. Биз аны канчалык көп керектеген сайын, ошончо көп суу коё берилет. Суу бизге кышкы сезондо жылытуу үчүн керек болот. Ошондуктан биз сууну үнөмдөбөсөк, кышында бизде маселе жаралышы мүмкүн”, - деди Ибраев.

Ал жайында электр энергиясы муздаткыч жана кондиционерлерди иштетүүгө көп короп жатканын билдирди.

1-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,891 млрд метр кубду түзөт.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.

XS
SM
MD
LG