Казакстанда жарандык активист камакка алынды

Абзал Достияров.

Казакстанда алматылык жарандык активист Абзал Достияров 20 суткага камакка алынды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Маалыматка караганда активист 1-августта Алматы облусунда казак журналисти Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча Конаев шаарындагы соттук отурумга автоунаасын айдап бара жатканда кармалган.

​Активист Достияровго “Тынч чогулуштарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузуу” (Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 488-беренесинин 11-бөлүгү) боюнча айып тагылганы айтылган.

Адвокат Төлөген Берикожи Достияровго "мыйзамсыз митингге катышкан" деген айып тагылганын билдирди.

Казакстандын коомдук ишмери Рысбек Сарсенбайулы Достияровго карата сот чечимин адилетсиз деп эсептейт.

Камалган журналист Фейсбук баракчасына жайгаштырылган видеодо Сарсенбайулы сот процессине көз салганын жана айыптоочу тарап активисттин күнөөсүн далилдей албаганына ишенерин айтат. Анын пикиринде, Достияров бийлик буга чейин камалган дагы бир журналист Думан Мухаммедкаримге өкүм чыккандан кийин нааразылык толкунунан чочулагандыктан камакка алынган.

Абзал Достияров ушул эле берене боюнча быйыл март айында административдик жоопкерчиликке тартылып, 20 күн тергөө абагында отурган. Ал кезде да ага Думан Мухаммедкаримдин сотуна барганы үчүн «мыйзамсыз жыйынга катышкан» деген айып тагылган. Активист сот имаратынын жанында акция уюштурбаганын жана ага катышпаганын, болгону YouTube каналында болуп жаткан окуяларды чагылдырганын билдирген. Былтыр сентябрда Абзал Достияров ушундай эле айып менен 15 суткага административдик камакка алынган. (AiA)

Дагы караңыз

Өзбекстанда үч баланын энеси онлайн оюнда утулуп, өз жанын кыйганКыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу операциясы башталат Өкмөт министрликтердин жарым жылдык ишин баалады