Өкмөт министрликтердин жарым жылдык ишин баалады

Министрлер кабинети.

Министрлер кабинети министрликтердин жана президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн өткөн алты айдагы ишмердигин баалоонун жыйынтыгын жарыялады.

Анда мекемелердин жарым жыл үчүн коюлган пландарды канчалык аткарганына карап “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандырарлык” жана “канааттандырарлык эмес” деп баа берилген.

“Эң жакшы” деген бааланган жети мекеме:

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
  • Юстиция министрлиги
  • Тышкы иштер министрлиги
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
  • Билим берүү жана илим министрлиги

“Жакшы” деген баа алгандар:

  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
  • Президенттин Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы өкүлчүлүктөрү
  • Бишкек шаарынын мэриясы
  • Финансы министрлиги

Иши “канааттандырарлык” деп табылган мекемелер:

  • Экономика жана коммерция министрлиги
  • Президенттин Ош жана Ысык-Көл облустарындагы өкүлчүлүктөрү

“Канааттандырарлык эмес” деген баа берилгендер

  • Саламаттык сактоо министрлиги
  • Маданият, маалымат, спорт жана дене тарбия министрлиги
  • Президенттин Талас жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрү

Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча баалоого биринчи жарым жылдыкта 3 баллдан аз алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.

“Министрлер кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу милдеттерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн жана алардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет”, - деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинети буга чейин да жыл соңунда министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин ишин баалаган жыйынтыгын жарыялаган.

Дагы караңыз

Google Ростелекомдун билдирүүсүн четке кактыАКШнын вице-президенти Камала Харрис Юлия Навальная менен сүйлөштүТүркияда Инстаграм бөгөттөлдүБайсалов Орусиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына тиешелүү болбошу керектигин билдирди