Google Ростелекомдун билдирүүсүн четке какты

1-августта Орусияда YouTube иштебей калды // downdetector.su.

Google Орусиядагы YouTube видеохостингинде жаралган көйгөйлөргө тиешеси жоктугун билдирди. Бул тууралуу "Коммерсант" жазып чыкты.

"Биз Орусияда айрым адамдар YouTube'га кире албай жатканы тууралуу кабарларды алып жатабыз. Бул биздин техникалык көйгөй же аракеттерибиздин натыйжасында жаралган маселе эмес", - деп билдирген Google.

1-августта орусиялык YouTube колдонуучулары видео жүктөөдө көйгөйлөр жаралганын билдиришкен. Бир сутка ичинде Sboy.rf порталына Москва, Санкт-Петербург жана Краснодар аймагынан 14 миңден ашык арыз келип түшкөн.

Июль айынын ортосунда Ростелеком "Орусияда орнотулган Google серверлеринин эскиргенинен" YouTube Орусияда начар иштей башташы мүмкүн деп эскерткен. Бир катар эксперттер "Ростелекомдун" түшүндүрмөлөрүнөн күмөн санашкан.

25-июлда Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Хинштейн "антиорусиялык саясатынан" улам YouTube платформасын иштетүү Орусияда 70% азаярын билдирген.

Ютуб Орусияда эмгектенген борбор азиялык мигранттар кеңири колдонгон платформа.

Украинада толук кандуу согуш башталгандан бери Кремль өлкө ичинде цензураны күчөтүп, Инстаграм, Фейсбук баштаган социалдык тармактарды иштетпей койгон. (AiA)

Дагы караңыз

Түркияда Инстаграм бөгөттөлдүБайсалов Орусиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына тиешелүү болбошу керектигин билдирди Reuters: Иран Израилге "жооп берүүнү" талкуулоо үчүн өнөктөштөрүн чогултуп жатат