Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Reuters: Иран Израилге "жооп берүүнү" талкуулоо үчүн өнөктөштөрүн чогултуп жатат


Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Израилге каршы болжолдуу “жооп берүү чарасын” Ирактын, Ливандын жана Йемендин куралдуу топтору менен талкуулады. Бул тууралуу Reuters беш булагына таянып жазды.

Мунун алдында The New York Times да үч булагына таянып, Ирандын лидери аятолла Али Хаменеи Израилге түз сокку урууга даярдык көрүү тапшырмасын бергенин маалымдады. Сокку урууга негиз катары Тегерандын Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн жоопкерчиликти Израилге артканы болууда. Израил күчтөрү Ханиянын өлүмүнө комментарий бере элек. Булактардын ырасташынча, анын үйүнө ракеталык сокку урулган.

Бейшембиде Тегеранда Измаил Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөнүн, ага он миңдеген киши катышканын Nova агенттиги кабарлады.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ханиянын өлүмүнө байланыштуу 2-августту өлкөдө улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Иран ушул жылы Сирияга урган соккусунан ирандык аскердик кеңешчилердин набыт болушуна жооп катары Израилге массалык ракеталык чабуул койгон. Дээрлик атылган бардык ракеталар жана дрондор жок кылынган, каза болгондор катталган эмес.

XS
SM
MD
LG