Байден Орусия абагынан 16 кишини бошоткон келишимди "дипломатиялык эрдик" деп атады

Жо Байден абактан бошотулгандардын жакындары менен. 2024-жылдын 1-августу.

АКШ президенти Жо Байден Орусияда негизсиз кармалып, камакта отурган 16 киши сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бошотулганын 1-августта билдирди. Анын билдирүүсү Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

"Орусияда адилетсиз камакка алынган үч америкалык жаран жана америкалык грин-картага ээ бир жаран – Пол Уилан, Эван Гершкович, Алсу Курмашева жана Владимир Кара-Мурза акыры бүгүн үйүнө кайтууда", - деди Байден.

Алардын эркиндикке чыгышын камсыз кылган келишим дипломатиялык эрдик болгонун белгилеген АКШ президенти: "Биз жалпысынан Орусиядан 16 адамды бошотууну макулдаштык, алардын бешөө Германиянын жараны, жетөө өз өлкөсүндө саясий туткунга айланган Орусия жараны. Бул аялдар менен эркектердин кээ бирлери көп жыл бою абакта адилетсиз кармалып турду. Алар башынан кандай гана азап өткөргөнүн, туңгуюкка кептелгенин элестетүү да мүмкүн эмес. Мына бүгүн алардын тарткан азабы токтоду", - деп айтты.

Байден сүйлөшүүгө катышкан өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирип: "Мен мындай натыйжага жетиш үчүн жүргүзүлгөн оор жана татаал сүйлөшүүлөрдүн башынан аягына чейин бизге колдоо көрсөткөн союздаштарыбызга, анын ичинде Германия, Польша, Словения, Норвегия жана Түркия өлкөлөрүнө ыраазымын. Бул дүйнөдө ишене турган, таяна турган досторуң бар болгону канчалык маанилүү экендигинин даана мисалы. Ортобуздагы биримдик америкалыктардын коопсуздугун бекемдеп турат", - деп белгиледи.

Орусия соту тогуз айдан бери камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны 6,5 жылга эркинен ажыратканы 22-июлда белгилүү болгон. Татарстандын Жогорку сотунун расмий сайтына Курмашева «орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга» айыптуу деп табылганы тууралуу маалымат жарыяланган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусияда негизсиз камалган кабарчысы Алсу Курмашева боштондукка чыгары тууралуу кабарды кубаттай турганын 1-августта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус билдирди:

«Биз Алсу Курмашева жакын арада бошотулары тууралуу кабарды кубаттайбыз жана АКШ өкмөтүнө, Орусиянын ага карата адилетсиз мамилесин токтотуу үчүн талыкпай аракет кылгандардын баарына ыраазыбыз. Алсу Курмашева Орусиядагы үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү гана аракетин жасаган америкалык журналист болгону үчүн куугунтукка кабылды. Ал жаман эч нерсе кылган эмес жана албетте, адилетсиз мамилеге, сүйүктүү үй-бүлөсүнөн, кесиптештеринен мажбурлап ажыратууга татыктуу эмес. Алсу Курмашеванын бошотулушу бизди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Беларуста жана Орусия оккупациялап алган Крымда ырайымсыздык менен камакка алынган дагы үч кабарчысынын эркиндигин камсыздоо аракетибизди мындан да чечкиндүү кылат. Адилетсиз камалган журналисттерибиздин баары үйүнө аман кайтмайынча токтобойбуз. Журналистика кылмыш эмес".

Мурдагы деңиз аскери Пол Уилан Москвада 2018-жылы кармалган. 2020-жылы ал тыңчылыкка айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Өзү дооматтардын баарын четке кагып, Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана барганын жана «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп билдирген.

Орусияда «тыңчылыкка» айыпталып кармалган, бир жылдан ашуун убакыттан бери камакта отурган америкалык журналист Эван Гершкович 18-июлда күнөөлүү деп табылып, аны 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Саясатчы, тележурналист, режиссёр, публицист, орусиялык саясий туткун Владимир Кара-Мурза 2022-жылы кармалып, 2023-жылы 17-апрелде катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган.

Айырбаштоонун натыйжасында Орусия чет мамлекеттерде отурган жарандарынын арасынан кимисин бошотуп алганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок. (RK)

Дагы караңыз

Орусия жана АКШ туткундарды айырбаштады. Алсу Курмашева бошотулду Париж-2024: Борбор Азияга келген ооматПариж-2024: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты Париж-2024: Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты, үч казак мушкери жеңилди