Министрлик аталган жатакана жаңылана турганын, жашоочулары убактылуу көчүп кетиши керектигин айтууда.
“Суу жок, жарык да өчүрүлөт”. Милициянын талашка түшкөн жатаканасы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жатаканасында аптапта суу өчүп калды. Жашоочулар 4-августтан тарта жарык да жок болот деген эскертүү берилип жатканын билдиришүүдө. Анда жашаган 60тай үй-бүлө ИИМ аларды ушундай жол менен жатаканадан чыгарууну көздөп жатканын айтып жатышат.