Орусия "тыңчылыкка" айыпталган француз жаранынын камак мөөнөтүн узартты

Лоран Винатье.

Орусияда камакта отурган француз жараны Лоран Винатьенин бөгөт чарасынын мөөнөтү дагы бир айга узартылды. 31-июлда Москванын Замоскворечье райондук соту кабыл алган чечимге ылайык, ал 5-сентябрга чейин камакта отурушу керек болот.

Орус бийлиги 48 жаштагы саясат таануучуну “чет элдик агент” катары расмий каттоого турган эмес жана “тыңчылык” кылган деген айып менен быйыл 7-июнда камакка алган. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары тергөөчүлөргө таянып ал «орусиялык аскер кызматкерлеринен маалыматты мыйзамсыз алган» деген айыпка макулдугун билдиргенин кабарлашкан.

Шаршемби күнү өткөн сот отурумунда Винатьенин адвокаттары соттон аны күрөөгө бошотууну же үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Винатье Женевадагы Гуманитардык диалог борбору (HD) деп аталган чыр-чатактарды жөнгөрүү максатын көздөгөн бейөкмөт уюмда кеңешчи болуп иштейт. HD Винатьеге жардам бериш үчүн бардык аракет көрүлөрүн маалымдаган. Radio France International кабарлагандай, HD ал «чет элдик агент» катары каттоого турбаганы чын экенин, мындай милдет ага да тиешелүү болорун билбей калганын ырастады.

Орусия бийликтин кемчилигин ачык айтып чыккандарды «чет элдик агент» деп атайын катоого алып, куугунтуктап, камоого мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамын буга чейин өз жарандарына каршы колдонуп келген болсо, 2022-жылы Украинага кол салгандан бери ушул жана башка айыптардын негизинде Батыш жарандарын кармоону күчөттү. (RK)

Дагы караңыз

Ленин райондук соту төрт журналисттин абактагы мөөнөтүн узартты"Кыргызалтын" кендерди чалгындоо жана иштетүү үчүн 15 лицензия алдыAmnesty International Пакистан бийлигин "репрессияны токтотууга" чакырдыУкраинанын согушта каза тапкан спортчулары