Amnesty International Пакистан бийлигин "репрессияны токтотууга" чакырды

Гвадар аймагы. 2024-жылдын 28-июлу.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу тынчсыздынуусун билдирди. Уюм 31-июлдагы билдирүүсүндө ансыз да тынч эмес бул аймактагы нааразылык акцияларында адам өмүрү кыйылып жатканына камтама айтып, өлкө бийлигин «катаал репрессиясын» токтотууга чакырды.

Өткөн дем алыш күндөрү Белужистанда адам укугу бузулуп, кээ бир жергиликтүү тургундардын дайыны табылбай, белужи уруусунун өкүлдөрү соттук териштирүүсүз өлүм жазасына тартылып жатканын айткан жергиликтүү активисттер нааразылык акциясын улантышкан.

Гвадар шаарында уюштурулган акцияга катышуу үчүн бараткандарды полиция алдын тороп, негизги жолдорду бууп койгон. Мунун айынан 28-июлда демонстранттар менен күч кызматкерлери ортосунда кагылышуу болуп, кеминде бир киши каза тапкан, дагы бир нече киши жараат алган.

Amnesty International расмий Исламабадды "сөз эркиндигине, маалымат алуу эркиндигине, тынч жыйындарга болгон укуктарды коргоого" үндөдү.

Нобелдин адам укуктары боюнча сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай да акцияга чыккандарга тилектештигин билдирип: «Тынч демонстранттарга каршы күч колдонууну чечкиндүү түрдө айыптайм» деп Х социалдык түйүнүнө жазды.

Пакистандын күч органдары жаалданган топтордун кол салуусуна кабылып жатканын, жайкын тургундар арасында кан төгүлбөшү үчүн чечкиндүү чараларга баруудан карманып турганын билдиришти.

Белужи уурусунун көпчүлүк өкүлдөрү өкмөттү жакыр деп эсептелген аймактардын бири - Гвадарда кен байлыктарды иштетүүдө жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске албай, адам укугун бузуп, репрессия кылууда деп айыптоодо.

Кытай өкмөтүнүн "Бир алкак – бир жол" эл аралык демилгесинин нугунда соңку бир нече жылдан бери Пакистандын батышында, Иран менен чектеш тилкесиндеги Гвадар портунда кытайлык адистер иш жүргүзүүдө. Кытай бул демилгесин Пакистанда ишке ашыруу максатында жалпысынан 65 миллиард доллар инвестиция салган.

24-июлда башталган митингде бул аймактагы газ жана көмүр сыяктуу кен байлыктарын жергиликтүү калктын өнүгүүсүнө жумшоо талабы айтылууда. (RK)

Дагы караңыз

Украинанын согушта каза тапкан спортчуларыПариж-2024: Эрлан Шеров утулду, казак-өзбек мушкерлери алдыдаОш: Өзбекстан жапкан чек ара бекети кайра ачылатКремлдин YouTube'га жеткен цензурасы