Зеленский өнөктөштөрүн "батыл чечимдерди кабыл алууга" чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Киевге 31-июлдун таңында жасалган жапырт аба чабуулдан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөргө кайрылып, "батыл чечимдерге" барууга чакырды.

Украин Аба күчтөрү билдиргендей, абадан коргонуу системалары баш калаага багытталган 89 дрон менен Х-59 башкаруучу ракетасын атып түшүргөн. Маалыматка караганда, орус армиясы Киевге туш тараптан дрон менен кол салган.

"Бул учкучсуз аппараттардын эң масштабдуу чабуулдарынын бири болду", - деп жазды Телеграмга украин Аба күчтөрүүнүн башчысы, генерал Николай Полищук.

Зеленский чабуулдун мизи кайтарылганын "маанилүү жыйынтык" деп атады.

"Жетиштүү ресурстар болгондо, украиналыктар толугу менен өз асманын орус соккуларынан коргой алат", - деп жазды X социалдык түйүнү аркылуу.

Украин президенти ошондой эле аймактарын коргоо үчүн жана Орусиянын жакынкы аралыктарына сокку уруу максатында керектүү курал-жабдыктарды жөнөтө берүү сунушун өнөктөштөрүнө кайталап айтты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, соңку суткада орус армиясынын аткылоосунан Харьков, Донецк жана Херсон облустарында кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылды.

Украин баш калаасына 8-июлда жасаган ири аба чабуулда балдардын "Охматдет" ооруканасы талкаланган. Анда орус армиясы балдар ооруканасына канаттуу ракета менен сокку урганы кабарланган. Андан тышкары менчик төрөт үйү жана бир катар жарандык объектилер талкаланган. Ондогон жайкын тургундардын, анын ичинен балдардын да өмүрү кыйылган. Жүздөн көп киши жараат алган.

Дагы караңыз

Мамдума аскердик каттоодон баш тарткандарды жарандыктан чыгаруу мыйзамын кабыл алдыДСУ Газада шал оорусу аныкталганын билдирдиХАМАСтын башчысы Исмаил Хания жок кылынды