Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

ДСУ Газада шал оорусу аныкталганын билдирди


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус Газа тилкесинде шал оорусу (полиомиелит) аныкталганын 31-июлда билдирип, тез арада тийиштүү чаралар көрүлбөсө, илдет жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Бул тууралуу ал X социалдык түйүнүнө жазды.

"Газада полиомиелиттин аныкталышы калк кандай оор шартка кептелгенин дагы бир жолу эске салат. Жаңжалдын уланып жатышы полиомиелит сыяктуу коркунучтарды аныктап, чара көрүүгө кедерги болот", - деп жазды Тедрос. Ал кошумчалагандай, вирус Газадагы суудан табылган.

Эл аралык уюмдун башчысы белгилегендей, азырынча бул илдет менен ооруп калгандар тууралуу кабарлар түшө элек.

"Эгер токтоосуз чара көрүлбөсө, оору миңдеген балдарга жугат", - деди ал.

Жакын арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Газага шал оорусуна каршы миллиондон ашуун вакцина жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Балдардын шал оорусу же полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG