Президенттин Таластагы өкүлү Нурлан Дарданов кызматтан алынды

Нурлан Дарданов.

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов кызматтан алынды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 31-июлда кол койду.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн өкмөттүн коллегиясында Дардановду кызматтан алуу жөнүндө чечимдин долбоору кабыл алынган.

Анда ал өз милдетин жетиштүү аткарбаганы жана кемчиликтерге жол бергени жазылган.

Долбоордо Талас облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушевди кызматтан алуу, Дардановдун биринчи орун басары Талантбек Эдиловго, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаровго жана Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевге сөгүш берүү сунушталган.

Нурлан Дарданов кызматка былтыр 4-мартта дайындалган. 1993-2020-жылдары Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында жана Башкы прокуратурада жетекчилик кызматтарда иштеген.

Президенттин өкүлү болгонго чейинки эки жылдай Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп турган.

Дагы караңыз

Париж-2024: Шеров мелдеш учурунда ката кетиргенин айттыБишкекте "Троллейбус курултайы" өтөтЯкутияда аялынын кулак-мурдун кесип салган жаран 5,5 жылга соттолдуБританиядагы башаламандыкта 40тай полициячы жараат алды