Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Париж-2024: Шеров мелдеш учурунда ката кетиргенин айтты


Эрлан Шеров.
Эрлан Шеров.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилди.

Эрлан Шеров беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбекке учкай маек берип, буларды айтты:

“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, - деди ал.

Шеров биринчи беттешинде кубалык Иван Фелипе Силва Моралисти 0:10 упай менен жеңген.

Эрлан Шеров - кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу.

Ал акыркы эки жылда Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло (2024), Азия оюндарында алтын (2023), Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш (2023), Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло (2024) медалдарды уткан.

Учурда Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде өз салмагы боюнча дүйнөдөгү 400 балбандын ичинен төртүнчү орунда турат.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат.

Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон. Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG