Ата-энеси миграцияга кеткен балдардын саны 86 миңден ашты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын билдирди. Чечиле элек 6% Баткен районунун аймагында экени айтылды. Венесуэлада азыры президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан соң өлкөдө жапырт нааразылык тутанды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адам көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты. Олимп оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чыкты. Жарым финалдык жарыштар 31-июлга караган түнү болот. Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кетип, жакындарынын колунда калган балдардын саны 86 миңден ашканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова 29-июлдагы маалымат жыйында билдирди.