Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын билдирди

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы. Архив.

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын ырастады. Бул боюнча 30-июлда “Азаттыкка” өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, чечиле элек 6% тилке Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер”.

“11-17-августта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өтөт. Биз калган жерлерди да тактаганга аракет кылабыз”, - деди Бөрүбаев.

Мунун алдында тажикстандык басылмалар Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзоданын 26-июлдагы маалымат жыйында айткандарына таянып, кыргыз-тажик чек арасынын 94% бөлүгү такталганын жазып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон.

Дагы караңыз

Украина Олимпиадада алгачкы медалын алды“Казыбек казалчы” китеби түрк тилинде жарык көрдү Өкмөт утилизациялык жыйымды киргизүүгө даярдык көрүүдөОрусия согушка тарткан бешинчи индиялык каза тапты