Министрлер кабинетинин төрага орун басарлары аймактарда эл менен жолугат

Өкмөт өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу. 2022-жыл, июль. Архив.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары аймактарды кыдырып, калк менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 29-июлда билдирди.

Ага ылайык, Баткен облусунда Эдил Байсалов, Ош, Жалал-Абадда, Бакыт Төрөбаев жана Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарында Адылбек Касымалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Орунбековдун айтымында, 1-августта башталып, 22-августка чейин улана турган жолугушууда жергиликтүү тургундарда суроо узатып, көйгөйлөрүн айтууга мүмкүнчүлүк бар.

2022-жылы июль айында да президенттин тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары, ички иштер министри жана ошол маалдагы баш прокурор аймактарды кыдырган.

Дагы караңыз

Асел Ногойбаеванын адвокаты прокуратурага нааразылык билдирүүдөИзраил Голан дөңсөөлөрүнө жасалган соккуга жооп катуу болорун эcкерттиАфрикадагы уруулар менен кармашта "Вагнердин" ондогон жоочулары каза болду Бейшеналиев Кыргызстанда орган алмаштырган операциялар жасаларын билдирди