Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Асел Ногойбаеванын адвокаты прокуратурага нааразылык билдирүүдө


Асел Ногойбаева
Асел Ногойбаева

Атайын прокуратура Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү, абактагы Азамат Эстебесовдон уюлдук телефон аркылуу келген билдирүүлөрдү териштирүүнү Жаза аткаруу кызматына өткөрүп бергенин “Азаттыкка” анын адвокаты Индира Саутова билдирди:

“Биз Атайын прокуратурага кайрылгандан кийин өздөрү териштирүү жүргүзбөй, кайра эле Жаза аткаруу кызматынын тергөөсүнө берип, кызматкерлердин үстүнөн иликтөө жүргүзүүнү, коркутуу боюнча кылмыш курамынын бар же жок экенин аныктоону тапшырды. Тергөөгө бизди да чакырды, сурак бердик. Азыр лингвистикалык экспертиза дайындалды. Анын сөздөрүндө кылмыштын бар же жогун ушул экспертиза аныктайт. Учурда корутундуну күтүп жатабыз”.

Саутова Атайын прокуратуранын мындай кадамына нааразы экенин кошумчалады:

“Биз Атайын прокуратурага нааразыбыз. Жаза аткаруу кызматына бербей эле иликтөөнү өздөрү эле жүргүзсө болмок. Анткени биз телефонду өздөрүнүн эле кызматкерлери киргизген болушу мүмкүн деп ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатпайбызбы”, - деди Саутова.

Атайын прокуратура да, Жаза аткаруу кызматы да бул тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин Асел Ногойбаева Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып жатканын билдирип, мурдагы жолдошу жазды делген каттарды Instagram'дагы баракчасына жарыялаган. Анда ал “абактан качып чыкса болору, башка өлкөгө чыгып кетери” тууралуу да айткан.

9-июлда адвокат Индира Саутова №3 абакта жаткан Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага телефон да чалганын, буга чейин да ушундай эле каттарды жазганын айтып, окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз берген.

16-июлда прокуратура Азамат Эстебесовдун абактан телефон аркылуу коркуткан каттарды жөнөткөнүн текшерип жатканын “Азаттыкка” билдирип, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалганын белгилеген.

Кыргызстанда жабык жайларда телефонго уруксат берилбейт.

2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон. Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

Быйыл 26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Эстебесовду 20 жылга абакка кесип, аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG