Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
26-июлда таратылган расмий кабарга ылайык, ал абитуриенттерди техникумга киргизүү үчүн акча талап кылганы белгиленген. Ыкчам иликтөө маалында шектүү пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Директордун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен иш козголду. Шектүү УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жалал-Абаддагы маданият техникумун 1994-жылдан бери жетектеп жүргөн 67 жаштагы Абжалил Таштанов өткөн жылы жумуштан кетип, кайра соттон утуп, жетекчилик кызматына келген.
УКМК тараткан билдирүүдө шектүүнүн аты-жөнү Т.А.Ж. деп берилген.
Transparency International эл аралык уюму коррупциянын деңгээли тууралуу апрелдеги баяндамасында Кыргызстан 100 баллдан 26 упай алган жана 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга илинген. (SE)
Дагы караңыз
Жаңы окуу жылынан тарта Бишкектеги 44 мектепте сабактар саат 7:30да башталатWildberries талашы: үй-бүлөлүк маселеби же рейдерликпи?Абактагы эксперттин дооматы, Илимдер академиясынын жообу