Мээрим Жуманазарова: “Кыздар, чоң максатка жетүүдөн коркпогула”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мээрим Жуманазарова акыркы беш жылда дүйнөгө ысымын таанытып, кыргыз күрөшүнүн алтын доорун жараткан балбан кыздардын бири. Ал олимпиада оюндарына экинчи ирет катышканы турат. Мээрим 5-августа кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм саламакта килемге чыгат.