Бишкектеги мектептерде сабакты 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилди

Архив сүрөт.

Бишкек шаарындагы орто мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилди. Бул тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-июлда кол койду.

Ага ылайык, буга чейинки токтомдо “окуу сабактары саат 8ден эрте башталбайт” деген жобо “башталышы мүмкүн” деп өзгөргөн.

Ал эми борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керек.

Бишкектеги менчик окуу жайларына да сабакты саат 10:00дөн кийин баштоо сунушу берилет.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын чечүү үчүн мектептерде сабактарды саат 7де, айрым мекемелерде саат 10до баштоо сунуштарын жарыялаган. Буга социалдык тармактарда сын-пикирлер да айтылган.

Дагы караңыз

Камактагы Карабаевдин адвокаты тергөөчүнү сотко бергенин билдирди Meken брендиндеги ноутбуктар чогултула баштадыКыргызстан жарым жылда кырсыктардан 2 млрд сомго жакын зыян тарттыМосквадагы жарылууга шек саналган орус жараны Түркияда кармалды