Арстанбапта сел жүрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда сел каптаган аймакта ыкчам топ иштеп жатканын бүгүн 23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөр жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суу ички чарбалык жолду каптаган.

"Баштапкы маалымат боюнча, жол каттамы ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон сел суусу кээ бир автомашиналарды агызып баратканын көрүүгө болот. (TB)

Дагы караңыз

Газа: Израилдин чабуулу, барымтадагыларды бошотуу келишими Кырылган балык жана булганган аба: Кытай компаниялары Тажикстанда кантип алтын өндүрөт? АКШнын Москвадагы элчилиги Алсу Курмашеваны бошотууга чакырдыТынч жыйындарды чектөө: "Кылым шамы" 50 чечимди талдады