ПЕНЖИКЕНТ, Тажикстан.
Тажикстандагы Хумгарон чакан кыштагында 150дөй киши жашайт. Алар кытайлык компания айылдын жанында алтын өндүрө баштаганда башкасын күтүшсө да мындай болот деп эч ойлогон эмес. Кыштакта жашоо мүмкүн болбой калды.
“Эгер суу менен аба булганса, биз кантип жашайбыз? Ден соолугуң жок болсо, жашоонун маңызы эмнеде?”, - деп суроо салат тургундардын бири.
"Зарафшон" кен компаниясынын абаны булгап жатканы көкөйүнө тийген аялдардын тобу былтыр айыл атынан арыз жазуу үчүн коңшу Пенжикент шаарына жөнөп кетет.
Бирок аялдардын айтымында, жергиликтүү аткаминерлер алардын маселесин териштирүү ордуна, полиция бекетине алып барып, ошол кезде өнүгүп жаткан кытайлык тоо-кен долбоорун сындоону токтотууну одоно эскерткен.
Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген аялдардын бири “Озоди” радиосуна айткандай, ал эскертүүдөн кийин кыштактын жашоочулары ушул күнгө чейин жакын жердеги алтын кени боюнча нааразылыгын билдирүүдөн коркушат.
Тажикстандын батышындагы алтын кенди кытайлык компания 2007-жылы иштете баштаган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын уруксаты жок жер иштетип аткан кытайлык компаниянын аймактагы абаны, сууну булгап жатканына өкмөттөгү аткаминерлер көз жуумп келет.
Тажикстандын түндүк-батышындагы Өзбекстан менен чектеш аймактагы кырдаал бул өлкөнүн Кытай инвестицияларына экономикалык көз карандылыгы өсүп жаткан аймактарында ачык көрүнөт. Ал жактарда кытай ишканалары ири кен байлыктарын иштетип, ошол эле маалда жазасыз калып, алтургай тажик өкмөтүнүн өзгөчө колдоосуна ээ болууда.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Тажикстандагы төрт кытайлык долбоордун, анын ичинен тоо-кендеринин айланасындагы бир айга созулган иликтөөсү бул мыйзам ченемдүүлүктү дагы айгинелейт.
Уурдалган жерби?
Кенге жакын жайгашкан айылдын тургуну “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна өзүнүн атына жазылган жерлердин документтерин көрсөттү. Ал жактарда кытайлык тоо-кен компаниясы аффинаждык завод куруп алган.
Ысымы жашыруун калуусун каалаган аялдын айтымында, мунун баары анын уруксатысыз ишке ашкан. Ага эч кандай кенемте төлөнгөн эмес. Аял Пенжикенттеги аткаминерлерге бир нече жолу кайрылып, расмий жооп алган эмес. Ушундай эле көйгөйгө айылдын башка тургундары да туш болушкан.
Бул миллиондогон инвестициялар айланган аймак тургундары айлана-чөйрөнүн булганышына жана тоо-кен иштетүүдө, айыл чарба иштеринде колдонулган химиялык заттардын ден соолукка тийгизген кесепеттерине каршы күрөшүп келет.
Тажик аткаминерлери кытайлык компанияларды коомдук көзөмөлдөн коргошот. Анткени Кытай - Тажикстанга салынган инвестициянын негизги булагы.
Ал эми Зарафшон кенин алсак, Тажикстанда өндүрүлгөн алтындын 70% дал ушул кенге туура келет. Тажикстан өкмөтүнүн ар кайсы катмарындагы аткаминерлер, анын ичинен Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жогорку даражалуу өкүлү дагы компанияны мактап, кытай ишканасын ачык эле колдоп койду.
Алар ошондой эле инвестицияга муктаж өлкөдөгү мындай компаниялардын маанисин баса белгилеп, айлана-чөйрөнүн булганышы тууралуу нааразылык сөздөрдү четке кагышты.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2023-жылы июль айында заводго барып, анын иштешине уруксат берген.
"Суранам, кетпе"
Тажикстандын Айлана-чөйрөнү коргоо комититетинин жогорку даражалуу өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна аты-жөнүн жашырган шарт менен билдиргендей, мамлекеттик мекемеге Зарафшон кенине байланыштуу жаралган экологиялык көйгөйлөргө, саламаттык маселелерине көз жумуу буйругу түшкөн.
“Бизге да айлана-чөйрөнүн булганып жатканына байланыштуу арыздар түшкөн. Бирок биз “Зарафшонго” катаалыраак басым жасап же текшерүүлөрдү, айып пулдарды күчөтсөк, кытайлык инвесторлор Тажикстандан чыгып кетиши мүмкүн. Бул биздин экономика үчүн аябай эле зыян. Анткени [кытайлык компания] 2023-жылдын алты айында эле 2,2 млрд сомониге [алтын] өндүргөн. (Бул 201 миллион доллар дегенди билдирет)
Ал Тажикстандын ички дүң өнүмү бул убакытта 54 миллиард сомонини (4,9 миллиард доллар) түзгөнүн кошумчалады.
“Элестетип көрсөңөр, фирманын кыйрашы өлкө экономикасына кандай зыян келтирет”, - деп суроо салды.
Аткаминердин айтымында, алтын кенден түшкөн салык Согд облусунун бюжетинин көп бөлүгүн түзөт жана аткаминерлер айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн бул маанилүү кирешени жоготуп алуудан коркуп, фирмаларга айып пул салгысы келбейт.
“Эгер биз кендерди өндүрүүнү токтотсок, бюжет миллиондогон долларды жоготот”, - деди ал.
Комитет өкүлү билдиргендей, ушундай эле динамика өлкө аймагындагы “Эркин Европа/Азаттык” радиосу иликтеген башка кытайлык долбоорлордо, анын ичинен "Покруд" алтын кенинде, Зарнисордогу коргошун жана сымап казылган жерде жана Тажикстандын батышындагы пахта өндүргөн талаада да байкалат.
“Азыркы учурда бул кырдаалга макул болгондон башка арга жок”, - деп кошумчалады ал.
Жаңы көз карандылык
Борбор Азиядагы эң жакыр өлкө деп саналган Тажикстандын экономикасы 1990-жылдардагы жарандык согуштун кесепетине каршы күрөшүү менен кыйынчылыкка дуушар болуп, соода, инвестиция, насыя жаатында Орусияга таянып келген.
Жумуш орундары жетишсиз болгондуктан тажикстандык мигранттар Орусияга агылышты. Ал жактан жөнөткөн акча которуулар Дүйнөлүк банктын эсебинде Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн 40% түзөт.
Анткен менен Тажикстанды 1994-жылдан бери темирдей катуу башкарган авторитардык президент Эмомали Рахмон өлкөсүн Бээжинге жакындатып, анын “Бир алкак - бир жол" долбоорунун активдүү мүчөсү болуп келет.
2010-жылдан бери Кытай өлкөнүн ири соода өнөктөшү, чет элдик инвестору жана насыя берүүчүсүнө айланды. Дүйшөмбүнүн карызынын жарымынан көбү Бээжинге таандык.
Дүйшөмбү чыгышка көбүрөөк ыктагандыктан, Кытай жаңы жолдорду куруу, телекоммуникация, айыл чарба, тоо-кен тармактарына салым кошуу менен өлкө экономикасында өзүнө пайдалуу позицияны ээлеген. Тажикстан табигый байлыктарын иштетүү максатында кымбат баалуу инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн каржылык жардамга муктаж.
Кытайдын курулуш фирмалары Дүйшөмбүнүн борборунда бир нече маанилүү өкмөттүк имараттарды, анын ичинен өлкө парламентинин имаратын курушкан.
Кытай лидери Си Цзинпин 5-июлда Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барган кезде Эмомали Рахмон 2007-2023-жылдары Кытай Тажикстанга 4 миллиард доллардан көп каражат инвестиция салганын жана өлкөдө кытай капиталы менен 700 компания иш жүргүзөрүн айтты.
Тажикстандын президенти Зарафшондогу долбоор “эки өлкө ортосундагы натыйжалуу инвестициялык кызматташтыктын ачык үлгүсү” экенин кошумчалады.
Бээжиндин экономикалык жактан ашыкча катышуусу саясий таасирдин күчөшүнө алып келди. Ал эми Кытай Рахмон менен анын таасирдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн зыярат кыла турган жерге айланды. Бээжин биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрүп, полициячылар ортосунда тажрыйба алмашуу жана Ооганстан менен түштүк чек арасынан анча алыс эмес Тажикстандын аймагындагы бир катар өткөрмө бекеттерди колдонууга уруксат алуу менен өлкө коопсуздугун камсыздоодо барган сайын чоң ролду ойноп келет.
Тажикстандын чыгыштагы коңшусуна көз карандылыгы артып баратканы Кытайдын таасиринин жогорулашына байланыштуу кооптонууну күчөттү.
Ошондой эле кытайлык инвестициянын көп бөлүгү Тажикстанга насыя катары келип жатканы да тынчсыздануу жаратууда. Анткени аны Дүйшөмбү төлөп кутула албай калышы да ыктымал. 2011-жылы Дүйшөмбү карызы үчүн Кытайга өз аймагынан 1000 чарчы чакырым аянтын карматкан. Ал карыздын көлөмү канча экени ушул күнгө чейин белгисиз.
Ушундай эле динамика Тажикстандын тоо-кен тармагында да байкалат. Маселен, кытайлык компаниялар иштеткен Зарафшон жана Покруд кендерине өлкөдө өндүрүлгөн жылдык алтындын көлөмүнүн 84 пайызы туура келет. Бир эле Зарафшон 2021-жылы 40 миллион доллар салык төккөн. Ошол жылы өлкө бюжети 3,9 миллиард долларды түзгөн.
2016-жылы Тажикстандын өкмөтү өлкөдө өндүрүлгөн алтындын расмий статистикасын жарыялоого тыюу салган. Бирок министрлердин 2019-жылкы жана 2023-жылкы билдирүүлөрүнө караганда алтын өндүрүү жыл сайын 10 пайызга өсүүдө. Ал эми кытайлык Zijin компаниясы "Зарафшондо" алтын өндүрүү ишин кеңейтип жатат.
Тажикстандагы кытайлык тоо-кен компаниялары канча киреше табары да жарыяланбайт. Тажик бийлиги болсо өтө деле чоң коомдук талкууларды өткөрбөстөн тоо-кен өндүрүшүнө салынган жаңы кытайлык инвестицияларга жол ачууну улантууда.
Маселен, 2019-жылы Тажикстандын парламенти 30 минутка жетпеген талкуудан кийин Kashgar Xinyi Dadi Mining Investment Company ишканасына өлкө чыгышындагы Мургаб районуна караштуу Якджилва күмүш кенин иштетүүгө уруксат берген.
Тажикстандын өкмөтү Кытайдын тоо-кен тармагындагы өнүгүп бараткан позициясын коргоо менен кытай фирмалары ири долбоорлорду иштетүүгө даяр бирден-бир чет элдик компаниялар экенин баса белгилеп келет.
“Бир гана кытайлыктар өлкөдөгү шахталарды иштетүүгө жана аларга инвестиция салууга даяр”, — деген эле 2019-жылы тоо-кен тармагын тескеген Өндүрүш жана жаңы технологиялар министрлигинин мурдагы башчысы Заробиддин Файзуоллозода.
Кызарбаган помидорлор
Хумгарондогу 62 жаштагы дыйкан Асадулло Рахмонов былтыр декабрда өкмөт жаңы бөлүп берген 30 гектарда өстүргөн жашылча-жемиштин сапаты "Зарафшондун" кеңейишине байланыштуу соңку жылдары кескин начарлап кеткенин айтат.
“Помидорлор бышпай калып жатат, бадыраң отургузбай калганыма үч жыл болду. Гүлү күбүлүп калат, мөмө байлабайт. Шабдалылар деле жарым-жартылай бышып, бактап күбүлүп түшүп калып жатат. Бир нече жыл мурда мындай көрүнүш болчу эмес”, - дейт дыйкан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна кытай тоо-кен компаниясын сындаганы үчүн басмырлоого калуудан корккон дагы беш дыйкан анонимдүү түрдө сүйлөп берип, жакын жерде жайгашкан завод түшүмгө жана айлана-чөйрөгө кыйла эле зыян келтирип жатканын айтышып, айыл чарба талааларын жана арыктын четтерин баскан кара чаңды көрсөтүштү.
"Зарафшон" алтын кени 1994-жылдан бери иштейт. Кытайдын Zijin компаниясы 2007-жылы анын акциянын 70% сатып алгыча, британиялык Commonwealth and British Mineral компаниясынын башкаруусунда болчу. Ал эми акциялардын 30% тажик өкмөтүнүн колунда. Алтындан түшкөн каражат ким канча акцияга ээ болсо, ошого жараша бөлүштүрүлөт.
Учурда алтын кенде 2800дөй киши иштейт. "Зарафшондун" жетекчисинин орун басары Бобохон Бобохонов "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жумушчулардын 98% Тажикстандын жарандары экенин айтты. Ал ошондой эле Цзыжиндин жерге болгон укугу дагы 30 жылга узартылганын, мындан улам калк дагы узак убакытка жумуш менен камсыз болорун кошумчалады. Казылган алтын Пенжикенттен анча алыс эмес жердеги, болжол менен 20 чакырым чыгышта жайгашкан заводдордо аффинаждалат. Жергиликтүү тургундардын пикиринде, эң биринчи кезекте дал ушул процесс айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип жатат.
Дүйнөдө алтын тазалоо ыкмасында негизинен цианид колдонулат. Бул абдан уулуу химиялык зат алтынды тоо-тектен бөлүп алууда колдонулат жана адам үчүн ал өтө зыяндуу деп эсептелет. Айлана-чөйрөнүн булганышына адистешкен Source International бейөкмөт уюмунун директору Флавиано Бьянкини цианидди көзөмөлгө алынган шартта гана колдоносо болорун, анын аз гана өлчөмү чоң аймакка зыян келтириши мүмкүн экенин белгилейт.
“Эгер силер бир килограмм цианидди суу менен камсыздоо системасына салсаңар, ал 200дөй кишинин өмүрүн жөн эле алып, айлана-чөйрөгө толук зыян келтириши ыктымал”, - деди ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна.
Тоо тек шахтыдан аффинаждоочу заводго жеткирилет. Ал жактан цианид менен иштетилип, алтын бөлүп алынат. Бул ыкма экономикалык жактан пайдалуу болгону менен, айлана-чөйрө үчүн өтө зыян деп эсептелет. Тоо кен өндүрүшүндө цианиддин колдонулушу дүйнө жүзү боюнча көп конуштардын жер которуусуна алып келген.
Көп окумуштуулардын пикиринде цианид күн нурунун таасири менен ажырап, суюлтканда коопсуз болуп калат. Анткен менен аны колдонуу кенден зыяндуу металлдарды да бөлүп чыгарышы мүмкүн. Көптөгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, цианид башка уулуу формаларга өтүп, өзгөчө суук климатта жакшы сакталат.
Алтын өндүрүү - көп таштанды чыгаруу менен коштолгон процесс. Айрым баалоолорго караганда, бир тонна кенден 10-15 грамм алтын табуу мүмкүн. Ошентип, 999 килограмм таштанды чыгат, ал айрым учурда зыяндуу чаңга да айланып кетиши мүмкүн.
Өлүү төрөлгөн балдар
Хумгарон айылынын тургундары "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтып бергендей, алардын ою боюнча цианид абдан көп өлчөмдө колдонулуп, жерге сиңип, айлана-чөйрөнү булгап, жер-жемиштин түшүмүнө, жергиликтүү тургундардын саламаттыгына залака келтирип жатат.
2022-жылы хумгарондуктар ден соолугу начарлаганын жазып, Тажикстандын президентинин администрациясына кат жолдошкон.
"[Айылдын тургундары] көбүрөөк ооруй башташты, жаш үй-бүлөлөрдө ымыркайлар өлүү төрөлүп жаткандыктан, балага зарлар көбөйдү”, - деп жазылган катта.
Жергиликтүү тургундар ошондой эле “Зарафшондун” айынан жана акиташ чыгарган заводдон улам зыяндуу заттар абага көп бөлүнгөндүктөн айылдагы аба кирдегенин айтышат. Алардын сөзүнө караганда, шамал болгондо заводдор тараптан жагымсыз жыт урат.
Пенжикент районундагы Шинги айылынын тургундары “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, дем алуусу оорлогонун айткан адамдар көбөйдү.
Пенжикенттин Саламаттык сактоо башкармалыгы аларда Хумгарондун жашоочуларынын саламаттыгы боюнча жалпы статистика жок экенин айтып, Дүйшөмбүдөгү Саламаттык сактоо министрлигинин баш кеңсеси менен байланышууга кеңеш беришти. Ошондой эле жоопту Пенжикенттин Борбордук ооруканасынан жана Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынан узатышты.
Шинги дарыясындагы өлүп жаткан балыктар:
Саламаттык сактоо министрлиги болсо 2023-жылы ноябрь айында расмий кат жолдонуп, мекеменин өкүлү менен түз байланышка чыкканда да эч кандай маалымат берген жок. “Зарафшон” кенинин өкүлдөрү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маек берүүдөн баш тартып, жазуу түрүндөгү комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
“Зарафшон” кенинин дарегине айтылган сын-пикирди, айлана-чөйрөнүн булганышы жана анын ден соолукка тийгизген зыяны боюнча тургундардын нааразылыгын моюнга алуудан баш тартып келсе да, тажик бийлиги кытайлык компанияга бир нече жолу айып пул салган.
2019-жылы ишканага Шинги айылындагы шахтанын жанына салынган акиташ чыгарган заводдон таштандыларды жакын жердеги дарыяга төккөнү үчүн айып пул чегерилген. Тажик бийлиги анда таштандылар дарыядагы балыктардын жапырт өлүмүнө алып келгенин айтышкан.
Ошентсе да компанияга болгону 1100 АКШ долларына барабар айып пул салынган.
Андан чоңураак айып пул төрт жыл кийин салынган. Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон 2023-жылы апрелде жарыялагандай, “Зарафшон” кенинин операторлоруна айлана чөйрөгө 14,6 миллион долларга барабар зыян келтиргени үчүн 1 1,7 миллион АКШ долларына барабар айып пул чегерилген.
Эмнеге зыян келтирилгени такталган эмес. Бирок Пенжикенттин экологиялык башкармалыгынын ошол кездеги башчысы билдиргендей, айып пулдун салынышына аффинаждык заводдун кайсы бир бөлүгү ишкананын аймагында нормативдүү документтерди алууга арыз тапшырылбастан курулганы түрткү болгон.
Аткарылбаган убадалар
Хумгарондун тургундарынын көп жылдарга созулган нааразылыгынан улам 2021-жылы тоо-кен компаниясы калк менен иштөө программасын баштап, төрт чакырымдык жаңы жол салып, мектепти (90 миң доллардай каражатка) оңдоп-түздөөнү жана айыл тургундарынын үйлөрүнө таза суу киргизип берүүнү убада кылган.
Компания ошондой эле айылдыктарга айына 13 700 доллар төлөп берүүгө макул болгон. Ошондо ар бир тургунга 90 доллардан тиймек. Компаниянын өкүлдөрү бул акча “Тажикстандын өкмөтү 47 дыйканга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жер тилкелерин бергенге чейин” төлөп берилерин билдирген.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, хумгарондуктарга бул акчалай төлөмдөн башка берилген башка убадалардын баары сөз бойдон калган.
Кен казып чыгууга лицензияны сактап калуу үчүн өкмөттүн талаптарына ылайык, кен иштеткен компаниялар жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга салым кошуусу керек. Маселен, мектеп, оорукана куруп же жол салып берип дегендей.
2018-жылы Өндүрүш жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода маалымат жыйында Zijin тоо-кен иштетүүчү компаниясы өзүнө алган бир да милдеттенмени аткарбаганын билдирбеген (мындай сын өтө сейрек учурларда айтылат).
“Алар 20 тонна алтын өндүрүштү. Бирок алар эртең кетип калышы мүмкүн [анан ] бизге эмне калат?!” – деген эле ал чогулган журналисттерге кайрылып.
2023-жылы “Азаттыктын” журналисттери айылга барганда, курулуш долбоорлорунун бири да баштала электиги аныкталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, шахтага барган башкы жол мурункудай эле кейиштүү абалда, алтургай ары-бери өткөн оор жүк ташуучу машинелерден улам дагы көбүрөөк бузулган.
Тажикстан өкмөтүнө караштуу Өндүрүштөгү иш жүргүзүүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Саньят Рахим 2023-жылы июль айында берген маалымат жыйында өкмөттүн “стратегиялык максаттарынын” бири “тез индустриализация” экенин айткан.
Анын түшүндүрүүсүнө караганда, өндүрүш – бул иштеп чыгаруучу заводдор, жаңы ишканалар. “Экология менен индустриализация бири-бирине үзөңгүлөш болбойт [бирок]..... биз, адистер, индустриализация айлана-чөйрөгө тийгизген зыянды максималдуу түрдө азайтышыбыз керек”, – деген аткаминер.
“Бул адамдарды өлтүрүшү мүмкүн”
Хумгарондон жана “Зарафшон” алтын кенинен болжол менен 350 чакырым алыстыкта дагы бир “Покруд” алтын кени жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул кытайлык компания иштеткен долбоор - жакын жердеги дарыялардын жана жерлердин булганышына себепкерлердин бири.
Бул жерде China Nonferrous Gold (CNG) компаниясы алтын өндүрүүнүн 100% концессиясына ээлик кылат. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун колуна тийген CNG компаниясынын 2021-жылдагы ички отчетторуна ылайык, компаниянын “Тажикстандын өкмөтү менен бекем мамилелери бар экени” белгиленет. Ошол эле отчетто компания өзүнүн экологиялык стандарттарын мактап, жергиликтүү калк менен алакасы жакшы экенин баса белгилейт.
Тажикстандын Ромит капчыгайында жайгашкан айылдардын тургундарынын айтымында, алар көргөн жалгыз пайда - компаниянын алтын кендерге салган жолдон алыскы тоолуу райондордун жашоочулары да каттап жатышат.
Ошол эле маалда алар кытайлык компания иштетип жаткан кенден улам айлана-чөйрө көп булганып жатат.
Суунун баш жагында жайгашкан бир нече айылдын тургундарынын айтымында, компания аффинаждык заводунан чыккан саркынды сууларды түз эле Ромит дарыясына куят. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бир нече адам ооруп калгандан кийин алар дарыянын суусун колдонбой калышкан.
“Озоди” радиосунун кабарчылары 2023-жылы Ромит дарыясынын башына, Покруд алтын кени жайгашкан аймакка барганда аффинаждык заводдон дарыяны көздөй тартылып, тазаланбаган сууну түз эле дарыяга куйган түтүктү көрүшкөн.
Source International компаниясынын тоо-кен өндүрүшү боюнча эксперти Бьянкини мындай тажрыйба өтө кооптуу экенин айтты:
“[Иштеп чыгуу] процессинен өткөн суу ууланган болуп саналат. Сууга мындай мамиле кылган болбойт. Бул жөн гана суунун булганышы эмес. Бул адамдардын өлүмүнө алып келет”, - дейт ал.
Мындай олуттуу кооптонууларга карабастан, кытайлык компания тажик бийликтеринин көзөмөлүнөн сырткары тургандай. Ошол эле маалда анын ишмердиги жогорку деңгээлде колдоого алынган.
2016-жылы кенден алынган биринчи алтын куюлганда Рахмон ошол жакка барган. Мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлгөн кадрларда ал колуна эки алтын куйманы сыймыктана кармап, 256 миллион доллар көлөмүндө кытайлык инвестиция салынып жатканын мактаган.
Тажикстандын айлана-чөйрөнү коргоо комитети “Азаттыкка” билдиргендей, алар “Озодинин” кабарчылары сууга заводдун саркынды суулары куюлуп жатканын көргөндөн кийин 2023-жылы жайында аффинаждык заводду текшерип, “бир катар алешемдиктерди, анын ичинен катуу таштандыларды туура чыгаруу процедуралары сакталбаганын жана булганган заттар атмосферага ашыкча чыгарылып жатканын” аныктаган.
Суу таңкыс болуп жатканда берилген чоң убадалар
Тажикстандын түндүгүндөгү 5 миңден ашуун калкы бар, Худжанддан 60 чакырым түндүктө, Өзбекстан менен чек арага жакын жайгашкан Зарнисор шаар тибиндеги кыштагында дагы бир кытайлык ири тоо-кен иштетүүчү долбоор бар. Ал дагы жакынкы конуштарга таасирин тийгизип жатканы кабарланып келет. 2007-жылы Кытай мамлекеттик Tibet Everest Resources компаниясынын бир бөлүгү катары негизделген "Тажик-Кытай тоо-кен компаниясы" (TCMIC) бул аймактан коргошун, цинк, жез өндүрөт.
Бул кендерди казууда ири көлөмдөгү суу талап кылынат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындан улам аймакта суу таңкыстыгы жаралды.
Зарнисордо жашаган пенсионер Идибой Фозилов айткандай, кытайлыктар иштей баштагандан бери таза суу жергиликтүүлөргө күнүнө бир саат гана берилип келет. Мындан улам тургундар аны челектерге чогултуп сактоого аргасыз. Анын айтымында, Советтер Союзунун маалында жергиликтүү тургундар айылга таза суу жеткирүү үчүн түтүк курушкан. Кытайлык компания келгенден бери аларга суу кечинде гана бир саат бериле баштады.
Суунун тартыштыгынан тышкары, бир нече тургун “Азаттыкка” компания жергиликтүү инфраструктурага инвестиция салуу боюнча өз убадасын аткарбай жатканын айтып беришти.
TCMIC бала бакчаны, жолдорду жаңылап, оңдоп-түздөп берүүгө, шаарчаны жарыктандырууга макул болгон. Бирок компаниянын кеңсесине бараткан жолдон башкаларынын баарынын абалы анча эмес, бала бакчанын кебетеси кеткен.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу буга чейин деле Зарнисордогу жолдордун ит ыйларлык абалы, караңгы көчөлөрү, оңдоп-түздөөгө муктаж мектеби тууралуу баяндап келген. Ал эми кытайлык компаниянын кеңсесине жана жумушчуларынын жатаканасына алып барган жол асфальттанып, оңдолуп-түздөлгөн.
2022-жылы июль айында бул компанияга ээлик кылган Tibet Everest Resources Тажикстанда 10 миң жумушчу орунду камсыздаган индустриалдык парк куруп берүүнү убада кылган. Эки жыл өтсө да долбоор тууралуу эч нерсе белгисиз.
Tibet Everest Resources өзүнүн экономикалык ишмердиги тууралуу жарыялаган сандар да дал келишпейт.
TCMIC компаниясынын жетекчилери көптөгөн жылдар бою өз маектеринде жана ачык билдирүүлөрүндө Тажикстанда 4 миңдей киши иштей турганын билдирип келген. Башка учурларда штатта 3 миң киши бар деп жүрүшөт.
Мындай келишпестиктер компания мамлекеттик бюжетке төккөн салыктын жана башка төлөмдөрдүн суммаларында да байкалат.
2022-жылы көз карандысыз “Азия-Плюс” маалымат агенттиги TCMIC башчысы Ли Яохуинин цитатасын келтирген. Ал 2009-жылы өлкөдө ишмердигин баштагандан бери компания 33 миллиард сомонидей салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирген. Бул 3,1 миллиардай долларга барабар.
Анткен менен 2021-жылы ачык билдирүүлөрүндө Ли компания түптөлгөндөн бери мамлекетке болгону 4,2 миллион сомони (же 383 миллион доллар) төккөнүн айткан.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген комментарийинде TCMIC компаниясы жергиликтүү калк менен иштештүү жана инфратүзүмдөрдү куруу боюнча тажрыйбасын коргоп, Зарнисордогу мектепти оңдоп-түздөөдөн өткөргөнүн, мэриянын имаратын куруп бергенин, жакынкы Гулистон шаарындагы оорукананы оңдоп-түздөөдөн өткөргөнүн билдирди.
Гулистон шаарында 50 миңдей киши турат. Компания Бустон жана Зарнисор шаарларын бириктирген жолдун 38 чакырымын реконструкциялоону каржылап бергенин, буга 100 миллион сомони же 9,1 миллион доллар кеткенин билдирди.
Гулистон шаарынын администрациясынын өкүлү билдиргендей, “Тажик - Кытай тоо-кен компаниясы” калаа жана анын айланасын таза суу менен камсыздоону жакшыртуу планын иштеп чыгууда. Ал ошондой эле Гулистондун айрым райондорунда таза суу сутканын кайсы бир убактысында гана берилерин, ал эми Рафокат көчөсүндөгү төрт кабатуу үйлөрдө жашаган кытайлык компаниянын жумушчуларына таза cуу 24 саат бою үзгүлтүксүз берилгенин кошумчалады.
Тажик коопсуздук күчтөрү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналистерине кытайлык тоо-кен компаниясынын кеңсесине же жакын жердеги жумушчулардын жатаканасына бул маалыматты ырастоо үчүн кирүү аракетине тоскоолдук жаратышты. Бул имараттарга бараткан жолдор эки жагы кайтарууда экени байкалып турду.
Рафокат көчөсүнүн башка тургундарынын нааразылыгынан кийин таза суу күнүнө 12 сааттан гана бериле баштады.
Пахта өстүрүү көйгөйү
Кытайлык компаниялардын Тажикстандын кирешелүү тоо-кен тармагына кириши айлана-чөйрөнү булгоо жана тургундардын саламаттыгына зыян келтирүү сыяктуу бир катар кесепеттерге себеп болду. Ушундай эле жыйынтыкты кытайлык дыйкандардын катышуусу менен пахта өндүрүү демилгесинен да көрсө болот. Ал дыйкандар баш калаа Дүйшөмбүдөн 25 гана чакырым алыстыктагы Яван районунун талааларында иштешет.
Яван районунун айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Мирзоали Азизов “Азаттыкка” 2023-жылы июнь айында билдиргендей, кытайлыктар Явандагы дыйкан чарба талаарынын 960 гектарын ижарага алышкан.
Жергиликтүү тургундардын “Азаттыкка” айтып бергенине караганда, 2000-жылдардын соңунда мамлекеттик жерлер айдоо аянттары катары берилгенде тажик дыйкандарынын үрөн, техника жана башка жер иштетүү үчүн шаймандарды сатып алууга акчасы болгон эмес. Көптөр иш издеп Орусияга кеткен. Айылдыктардын айтымында, кытайлыктар мына ушул кырдаалдан пайдаланып, 2014-жылдан тарта жерди ижарага ала башташкан.
Яван районунун айыл чарба тармагында иштегендер “Азаттыкка” айтып бергендей, алгач кытайлыктар өтө көп көлөмдө жерлерди ижарага алышкан, кийин айрым тажикстандык дыйкандар жерлерин кайтарып алышты. Жергиликтүү аткаминерлердин жана тургундардын сөзүнө караганда, кытай дыйкандарынын акчасы жана банк насыясы сыяктуу каржылык мүмкүнчүлүктөрү жогору, ошондуктан алар тажиктерге караганда мыкты жер семирткичерди, кымбат баалуу айыл чарба техникасын колдоно алышат.
Жыйынтыгында, аткаминерлердин айтымында, тажик дыйкандары орточо эсеп менен бир гектар жерден төрт тонна пахта чогултса, Тажикстандагы кытайлык дыйкандар гектарынан жети тонна пахта алат.
Ошону менен катар айрым жергиликтүү тургундар кытайлыктар айрым жер семирткичтерди ашыкча колдоноруна тынчсызданып, кайсы химиялык затты кандай өлчөмдө колдонууну тескеген эрежелердин жоктугуна кыжырданышат.
“Тажикстан менен Кытайдын айыл чарба өнүгүүсү” деп аталган кытайлык компания Яван районунда 1000 гектардай жерге ээлик кылат. Ал эми “Хунтай-Хатлон-Син Силу” компаниясы Хатлон облусундагы Дасту районундагы 3 365 гектар жерди ээлеп келет.
Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрагасы Саидджафар Усмонзода 2019-жылы парламент мүчөсү болгон. Ошол жылдары кытай дыйкандарына жерди ижарага берүү маселеси талкууланган. Ал кандай жер семирткичтер колдонулары тууралуу суроолорду бергенин, бирок жоопсуз калганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.
“Бул жер көп жыл колдонулгандан кийин чөлгө айланбайбы?” - деп суроо узатканын эстейт Усмонзода.
Бирок анын жана жергиликтүү дыйкандардын кооптонууларына карабай, эксперттердин айтымында, кытайлык дыйкандар колдонгон жер семирткичтердин же башка химикаттардын түрү боюнча эч кандай көз карандысыз иликтөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле алардын жерге тийгизген зыяны тууралуу да эч кандай маалымат жок.
Яван районунун айыл чарба тармагы үчүн жооп берген аткаминерлери “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, мындай иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн аларда тийиштүү лабораториялык жабдыктар жок.
Дүйшөмбүдөгү Тажик агрардык университетинин Агрохимия жана кыртыш иликтөө кафедрасынын доценти Рузимурод Боймуродовдун айтымында, жер семирткичтерди жана пестициддерди ашыкча колдонуу олуттуу тынчсыздануу жаратат. Анткени жер семирткичтердин көп бөлүгү айыл чарба өсүмдүгүнө сиңбей, кыртышка кетет. Бул жагдай узак мөөнөтүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
“Кийин таасирин көрсөтө турган эффект бар. Калдыктар келечекте жер кыртышынын курамына, сапатына жана түшүмдүүлүгүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн”, - деди ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.
Баймуродов өзү өткөргөн иликтөөлөргө таянып, тажик дыйкандары адатта гектарына 450-600 килограмм азот жер семирткичин жана 200-260 килограмм фосфор жер семирткичин колдонушарын белгилеп өттү.
"Балдарыбыз үчүн коопсуз келечек"
Анткен менен Яван районунун дыйкан чарба башкармалыгынын кызматкери Усмон Ятимов “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, бул тилкелерде пахта өстүргөн кытай дыйкандары 1500-1600 азот жана фосфор жер семирткичтерин колдонушат.
Жер семирткичтерди жана башка химикаттарды ашыкча колдонуу Кытайдын өзүндө реалдуу көйгөйгө айланган. Ал адегенде жакшы түшүм бергени менен, кайсы бир убакыттан кийин жер кыртышынын сапатын төмөндөтөт. Соңку жылдары Кытайдагы дыйкандар жер семирткичтерди колдонууну азайткан, бирок дүйнөлүк орто көрсөткүчтөргө салыштырмалуу дагы эле жогору бойдон калууда.
Кытай компанияларынын ишмердигинин жыйынтыгында аба, жер, суу булганып жатканына, кен иштеткен жердеги калктуу конуштарга инвестиция салынбаганына карабай, Тажикстандагы аткаминерлер бул компанияларды колдоону улантууда.
Кытайлык долбоорлор иштеп жаткан райондордун тургундары “Азаттыкка” билдиргендей, алар компаниялардын өзүнө каршы эмес, алар болгону бул ишканалар айлана-чөйрөнү да ойлоп, алар иштеген калктуу конуштарга өз ишмердүүлүгүнүн башында убада кылынгандай акча салып турушун каалашат.
Анткен менен Тажикстандын экономикасынын кейиштүү абалына жана калктын жашоосунун төмөн деңгээлине байланыштуу анын Кытайдан жана экономикалык ресурстарынан көз карандылыгы кытайлык компаниялардын өздорү каалагандай иштешине шарт түзөт.
Кытай кенине жакын Хумгарон айылынын жашоочуларынын бири көптөрдүн маанайын билдирди.
“Бизге кытайлыктардын акчасынын кереги жок - биз болгону балдарыбыз үчүн коопсуз келечек каалайбыз”, - деди ал.
Иликтөө командасы
Редактолор: Рид Стэндиш жана Пит Баумгартнер
Иллюстрация: Хуан Карлос Эрреры Мартинес