Өзбекстанда министр жарнама кылган дүкөнгө айып салынды

Озодбек Назарбеков. Жарнама видеодон алынган сүрөт.

Өзбекстандын атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков жарнама кылганы үчүн Kingsman деп аталган кийим дүкөнүнө айып пул салды.

“Жарнак жөнүндө” мыйзамга ылайык, товарларды мамлекеттик органдар же кызмат адамдары жактырганын көрсөтүүгө тыюу салынат. Комитет мыйзам бузууну кайталабоого эскертүү берди. Бирок атайын комиссия министрдин өзүн мыйзам бузду деп эсептеген жок.

"Назарбеков өзү жеке социалдык баракчалары аркылуу жарнаманы жайылткан эмес. "Жарнама жөнүндө" мыйзамга ылайык, ал жарнаманы таратуучу катары эсептелбейт", - деп айтылат маалыматта.

2-июлда министр Назарбековдун жергиликтүү кийим дүкөндөрдүн бирин жарнамалоого катышкан видео жарыяланган. Ал коомчулукта талкуу жараткан.

Дагы караңыз

Ошто жыл аягына чейин митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизилди